Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында №2 формасы боюнча өлкөдө 481 миң 950 арыз түшкөнүн билдирди.

2015-жылдагы парламенттик, 2017-жылдагы президенттик шайлоолордо да бул форма менен арыз бергендер көп болгон. Боршайком төрайымы муну шайлоочуга катоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары сыпаттады.

Маалыматка караганда, календарлык планга ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 523 миң 532 киши кирди.

«Тизме Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана жарандар берген арыздардын негизинде түзүлдү. Акыркы тизмеде шайлоочулардын саны болжолдуу тизмеге салыштырмалуу 94 миң адамга көп болду»,- деди Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда.

Адистер бул документтерди толтургандардын санынын көп болушу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир тийгизиши жана шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу суроо жаратышы мүмкүн экенин айтышат.

Буга чейин шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форма аркылуу добуш берүү ыкмасынан баш тартууга БШКны чакырган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here