Кыргызстандык Чолпон Абдыжапарова дүйнөгө белгилүү Facebook компаниясынын Лондондогу кеңсесине жумушка алынды. Бул үчүн жылдап даярдык көрүп, бир канча этаптан турган сынакты жеңип чыккан.

Кыргыз кызынын мындай ийгилиги көптөрдү кубандырып, коомдук сайттарда бул жөнүндө кызыктуу талкуулар жүрүп жатат. Жакын арада Лондонго учуп кетүү үчүн визасын күтүп жаткан Чолпондун өзүнө жоолугуп, аны менен маек курдук.

Чолпон: Мен 29 жаштамын, Facebook компаниясына өтүү үчүн бир жылдан ашык даярдандым. Жогорку окуу жайын Түркиянын Стамбул шаарында компьютер илими боюнча окудум. Андан тышкары эң мыкты окуу жайлардын бири деп саналган Канададагы Waterloo университетин да бүтүргөм. Даярдык башталганда алгач баарын пландоодон баштадык. Канча суроого жооп издейм, канча маселе чечем, канча жолу маектешүүдөн өтөбүз деген сыяктуу. Ар жума сайын онлайн кездешүү болчу. Анда ар башка өлкөдөн катышуучулар болот. Ким эмне кылат, кандай кылат, ошонун баарын талкуулачубуз. Бир аптадан соң ошол иштер боюнча жыйынтыкты берчүбүз. Негизи ар бир катышуучунун Excel документи болот. Карап, эсептеп көрсөм ушунун баарынан өтүп, Facebook компаниясына жумушка орношуу үчүн сынакты жеңем деп 1 000 сааттан ашык убакыт даярданыптырмын. Эреже боюнча ар бир жумада кеминде жыйырма саат убакыт сарпташым керек болчу. Андан аз болсо жарабайт, жөн эле программадан чыгып калмакмын.

Би-Би-Си: Атаандаштык абдан эле күчтүү, курч мүнөздө өткөн турбайбы?

Чолпон: Канча катышуучу болду, бир орун үчүн канча талапкер ат салышып жатат, кайсы өлкөлөрдөн деген сыяктуу маалымат берилбейт. Ошондуктан бул жагынан кандай болгонун так айта албайм. Бирок каалоочулар көп эле болсо керек. Себеби, бул дүйнөлүк чоң компания эмеспи.

Би-Би-Си: Facebook сизди жумушка алды деген сүйүнчүнү укканда реакцияңыз кандай болду?

Чолпон: Лондон менен Бишкектин ортосундагы убакыт айырмасы бир топ эле. Ошондуктан алар түнкү саат он экиге жакын чалышты. Менин өткөнүмдү, эмне иш кыларымды баарын айтып беришти. Мен ушундай кыйкыргым келди. Батирде болгондуктан түн ичнде кыйкыра алган жокмун. Сүйүнгөнүмдөн бөлмөнүн ичинде ары-бери чуркап жиберген окшойм. Айтайын десем кеч болуп калган, ата-энем да айылда турат. Ошентип абдан кубануу менен кабыл алдым.

Би-Би-Си: Эми сиздин аткара турган ишиңиз кандай?

Чолпон: Мен өнөктөштүк багыты боюнча инженер болом. Милдетим 60-80% сыр сөздөрдү жазам, 20-40% ар башка команда, ар кандай продуктылар ортосунда байланыш, алака, сүйлөшүүлөр сыяктуу тапшырмаларды аткарам. Компаниянын ичинде абдан көп продукт болгондуктан ошолордун ортосундагы интеграция, ар кандай презентациялар же болбосо башка жерлерге барып ар кандай кызыктуу тапшырмаларды аткаруум каралган.

Би-Би-Си: Бул багытты кантип тандап алгансыз? Кичинекей кезиңизден берки кыялыңызбы?

Чолпон: Мен мектепте деле программист болом деп ойлогон эмесмин. Капысынан болду десем туура болот. Кайсыл кесипти тандарымды билбей жүргөн чагым эле. Бир жолу атам экөөбүз жаңылыктарды көрүп олтурсак ошол кездеги президент Роза Отунбаева «бул кылымда програмисттер, инженерлер жетишсиз» деп калды. Биз атам экөөбүз олтуруп, кеңештик. Анан программист болууну чечтим.

Би-Би-Си: Демек, ким бирөөнүн чакырыгы же берген маалыматы сиздин тандоону, келечек багытыңызды аныктаган экен да?

Чолпон: Ооба, мен ошондон кийин маалыматтын абдан маанилүү болгонун өз тажрыйбамдан жакшы билемин. Бир жакка чакырып көргөн, билгениңерди башкалар менен бөлүшкүлө деген долбоорлорго абдан чоң маани берем. Себеби, бир сөз, бир сүйлөм эле менин жашоомду өзгөртүп койгон.

Би-Би-Си: Инженер, программист деген сыяктуу кесиптер кыз-келиндерге ылайыктуу эмес деген дагы көз караштар бар эмеспи. Сиз кандай дейт элеңиз?

Чолпон: Программист абдан ыңгайлуу кесип, үйдөн эле иштей аласың. Мен пандемия учурунда айылга барып алып, ошол жактан эле иштедим. Эгер абитуриент болсо университетке ушул багыт боюнча барса болот. Колдон келсе чет өлкөдөгү окуу жайларга барса дейм. Ал эми жогорку билими бар эжелер болсо, алар Бишкектин өзүндөгү эле атайын курстарга барса болот. Бир, бир жарым жылдык курстар бар. Керек болсо өзүнүн тактыгы, ички тартиби күчтүү болсо үйдөн олтуруп эле онлайн өздөштүрсө болот. Бирок, эң маанилүүсү тажрыйбадан өтүү керек. Ал үчүн программистердин өзүнчө бир иш-чаралары болот. Ошолорго катышуу керек, алардан сураш керек дегендей. Дагы бир жолу компаниялардын сайттары аркылуу эле качан орун болоорун текшерип туруу керек. Өз долбоорун даярдаса болот. Чынында татыктуу болсо компаниялар ишке алат. Абдан ыңгайлуу кесип деп эсептейм. Кыздар үчүн укмуш сонун кесип да. Программисттер укмуш акча табат деп айтып калышат эмеспи. Чындыгында андай эмес. Керек болсо тажрыйба катары акысыз иштеп бересиң. Эгер жол киреңди, тамагынды төлөп бере турган болсо жыргадың дей бер. Иш башталганда 200-300 доллар (АКШ доллары) менен башталып акырындап өсүп олтуруп 2000-3000 долларга чейин кете берет. Мен абдан эле жакшы акча тапкан кесиптештеримди билем. Бирок бул дароо эле келбейт. Эки, үч жыл арзыбаган акчага иштсең да тажрыйба алууң керек. Экинчиден, англис тилин эркин билгениң абдан маанилүү. Тил билбесең айлыгың чакан эле болушу мүмкүн. Себеби, жергиликтүү компаниялар менен гана кызматташып каласың. Тил билсең Европа, Америка дегендей. Ошого жараша жакшы айлык алууга болот.

Би-Би-Си: Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары же атайын курстар бул багытта канчалык сапаттуу билим бере алат деп ойлойсуз?

Чолпон: Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу чынында айта албайм, ал тууралуу маалыматым жок. Бирок англис тилине басым кылган университеттерибизди карап көрсө болот го дейм. А курстар боюнча жакшы эле окуткан курстар бар. Алардын кээ бирине өзүм да барып көргөм.

  • Абдыбек Казиев
  • Булак: Би-Би-Си Бишкек

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here