Кыргызстандын жараны Челябинск облусунун Троицк районунун бажы кызматынын кызматкерине 300 миң рубль пара сунуштаган. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Кыргызстандык жаран орус-казак чек арасынан 70 миңден ашуун жасалма жана маркировкаланбаган бут кийим алып өтүүнү көздөгөн. Жүк ташуучу унааны Казакстандын аймагынан келе жатканда «Бугристое» унаа өткөрүү пунктунан кармашкан.

Бут кийимдерди сактап калуу максатында аткезчи бажычыга пара сунуштаган. Бул тууралуу россиялык бажычы Челябинск бажысынын коррупцияга каржы күрөшүү бөлүмүнө билдирген.

«Пара берүү фактысы менен кылмыш иши козголду. Аткезчи тергөө иштери жүргүзүлгөнчө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага 1-3 млн рубль айып салынып же 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп билдирди Урал бажы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here