Аалам, ааламдагы адамзат коому, адам жараткан технологиянын заманы тыным албай, көз ирмемге илешпей, заакым менен жарышып өнүгүп жаткандыгын эч ким тана албайт. Ошондой болсо дагы адамзат дагы деле табияттын алдында алсыз экендигин мойнуна алгысы келбейт. Алсыздыгын айтайын, адам келечекти болжолдоп да «көрө албайт», ага мүмкүнчүлүгү да жетпейт, бирок боолголоп бир нерселерди айткысы келет. Ошондой болсо дагы ар бир элдин муундан муунга мурасталган ырым-жырым, каада-салт, нарк-насилдеринде, эң негизгиси макал-лакаптарында ачык жана жашыруун сырлар айтылып да, катылып да келет. Ага көпчүлүк көңүлүн бура беришпейт.  Көп элдин ичинен орус элинде жылга байланыштуу «Бүтүн жыл адамдарды чалгыдай чабат» («Високосный год людей косит») деген макалы байыркы мезгилдерде пайда болгону менен, азыркы учурда дагы өзүнүн маанисин жогото элек. Андан да жогорку накыл сөздүн ушунчалык таамай айтылып калгандыгына бир чети таң калбай, экинчи чети ишенбей коюуга да болбойт.

Бул күндүн келип чыгышы антикалык мезгилге, тагыраагы, Рим империясынын белгилүү императору Юлий Цезардын башкаруусу учурунда, анын демилгеси жана сунушу менен февраль айынын 23-24-күнүнүн ортосуна дагы бир күндүн кошулушу же «экинчи алтынчы күндүн», латынча «bis sextusтун» киргизилишине барып такалат. Албетте, мындай кадам күн календарынын жүгүртмөсүн тууралоо үчүн жасалган айла болгон эле. Бирок адамзаттын тарыхында дал ушул «толук жыл» мезгилинде адамдардын өмүрүн алган көптөгөн кандуу окуялар болуп өткөндүгүн эскерте кетели. Мисалы, 1556-жылы Кытайда өтө чоң катуу жер титирөө катталып, 830 миң адам курман болсо, 1896-жылы Япониядагы цунами 23 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. 1948-жылы Түркменстандагы жер титирөө 170 миң адамды, 1976-жылы Кытайдын чыгышындагы жер титирөө 750 миң адамды, 1988-жылы Армениядагы жер титирөөдө 23 миң адам курман болгон. Мындай мисалдардын ондогон түрүн келтире берсек болот. Тилекке каршы, 2020-жыл дагы дүйнөдөгү көп адамды набыт кылган кандуу жылдардын катарын толуктады. Дүйнө боюнча сентябрь айына чейин эле 26 миллиондон ашык адам Covid-19 ооруусуна чалдыгып, 867 миңден ашуун адам каза болушту. Ал эми кичинекей өлкөбүз Кыргызстанда 1500ден ашуун адамдын ушул тажаал оорудан курман болушу, шейит кетиши элдин санына салыштырмалуу өтө чоң жоготуу экендигин да эстен чыгарбашыбыз керек.

Бул «тажаал оору» көзгө көрүнгөнүн, колго илингенин эле эмес мыктыларын тандап жүрүп талкалап кетти. Чындыгында эле, кыргыз эли мурасын көөнөртпөгөн көрөңгөлөрүнөн, улутка ырыс чачкан туткаларынан, алга сүрөп, шык берген демдеринен, казкан сайын кемибеген казыналарынан, туу түбүнөн айбат берген кыраандарынан, жеңилин жерден, оорун колгон алган азаматтарынан, алтандарынан айрылып, зар какшап, жер муштап кала берди.

Мына ошолордун бири, миң жылда бир кайталангыс чыгаан журналист, публицист, акын, агартуучу, коомдук ишмер, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Жора Сулайманов эле.

Ж. Сулайманов. Президент менен журналисттердин жолгушуусунда тартылган сурөт…

Аттиң арман эй, адамдын ою күлүк эмеспи, жумуру башка адалы менен арамы, агы менен карасы, жакшы менен жаманы кошулуп, эмне деген гана ойлор келип-кетпейт. Бирок Жора агам тууралуу ушинтип эскерүү жазып калам деген түкшүмөл эч качан оюма да келген эмес. Анткени ал киши жашоого кумары канбай, өмүрдү ушунчалык сүйүп, ар бир күндүн чыгышын сүйүнүү менен тосуп, батып бара жаткан күндү узун үмүт менен узатып, келечекке, эртеңкисине болгон ишеними чексиз эле. Акыркы алты жыл ичи, тагыраагы, «Ачык сөз» гезитин түптөп, аны бутуна тургузуп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин жеткирип, алыскы Америкада, Россиянын булуң бурчунда, Ташкент, Нукус, Тоолуу Бадахшан, Жерге-Талда жашап жаткан кыргыздардын колуна тийгизип, кылып жаткан ишинен баар таап, кудуңдап таноосу кериле кубанып, өзүнүн толкунун жаңы гана кармап, ак шоолалуу багыты аныкталып бүткөндө шум ажал колдон жула качты, алтаныбызды, Кетмен-Төбөнүн эр жүрөк жоокерин колубуздан алдырып жибердик. Аттигиң арман эй, арман, арман… 

Кыргыздарды «ат кашкасындай эле аз эл» дегенибиз менен, башканы кой, бир өрөөндөн баш көтөрүп чыккан туугандарыбызды деле дурус тааный бербесибизди моюнга алып койгонубуз дурус го. Ошол сыяктуу эле мен деле Жора агамдын атын укканым менен жакындан тааныбай көпкө чейин жүрүптүрмүн. «Сөз бузат, иш бириктирет» дегендей, 2012-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Абди Сүйөркуловдун 100 жылдыгына карата Кетмен-Төбөлүк акылы тетик, тили так, колу эптүүлөрдүн дээрлиги топтолуп, мааракенин шаң салтанаты себеп болуп, бир даарыбыз бири-бирибиз менен жаңыдан таанышып калдык. Ал учурда Жора агабыз «Мекен Инфо» гезитинде редакторлук кызматты аркалап, журналистикада жаңыдан даңканайлары чыгып келе жаткан чаар баш, жаш журналисттерге саяпкерлик кылып, гезит нускаларын тынбай чыгарышып, анын басымдуу бөлүгүн Россиянын ири шаарларына, ал жерлерде иштеп-жашап жүргөн Кыргызстандыктарга жөнөтүшчү экен. Биз ал жерге башка максаттар менен баргандыктан көпкө кармалбай азыраак эле пикир алышып, сыпайы коштошуп чыгып кеттик. Арада жолугуп калганыбыз менен мамиле анчалык деле жалганган жок. Анткени Жора агам журналист, мен жогорку окуу жайдын кызматкери, окутуучусу болгондуктан экөөбүздү көп байланыштырган ортодо кызыкчылыктар табыла бербегендей. Мезгил тыным албай сабалап учуп, жандуу-жансыздардын бардыгын демиктирип кубалап өтө берет тура. 2015-жылы жай мезгилинде экөөбүз Ала-Тоо аянтына жакын жерден жолугушуп калдык. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле: «Иним, даяр макалаларың болсо мага бер. Гезитке чыгарайын. Сенин эмгектериң менен эл таанышсын», – деп сунушун айта калды. Мындай сунушту күтпөгөн жаным алдастай түштүм окшойт. Ачыгын айтканда, биздин чөйрө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий өңүттөгү макалаларды жарчыларга, журналдарга жарыялап жүргөнүбүз менен массалык-маалымат каражаттарына азыраак чыгарып, табылгаларыбыз менен коомчулукту көп учурларда кабардар кыла бербейбиз. Ошенткени менен кыргыз окумуштуулары дагы көптөгөн ачылыштарды, табылгаларды табып, илим айдыңында бир топ жаңы нерселерди жаратып жатышкандыктарын дагы айта кетели. Бирок биз жогоруда белгилеп өткөнүбүздөй табылгалар жалпы элге жетпей, жетсе дагы тийиштүү көңүл бурулбай, көңүлдүн сыртында жээрилип калгандыгын көпчүлүк деле танып кетпесе керек. Анан дагы бардык эле гезиттер окумуштуулардын жазган макалаларын артынан кубалап жаздырганды тим кой, чыгарса дагы канат-бутагын кертип, өкчөлөп берекесин кетирип, кадыр-баркын кемитип жатып чыгарып жүргөн мезгил эле. Калктын калың катмары дагы «чайнаганга жумшакпы» же ким билет, айтор, жеңил-желпи, туурасынан түкшөмөлү, акыйкатынан апыртмасы, болгонунан божомолу, чындыгынан чыгармасы көп маалыматтарга, айың-кептерге кызыгып кетип жатышкандыгын ким жашырат. Эми бул башка маселе… Жумушума келип, мурун-кийин публицистикалык журналдарга чыгып жүргөн макалалардан аз-аздап жөнөтө баштадым. Анысы деле ченелүү эле да, гезиттин 3-4 санынан кийин түгөнүп калды. Жора байкем: «Октябрь иним, эски сандыгындын капкагын ач, дагы бирдемелер чыгып калаар», – деп уламдан-улам демиктирип алды. Оңой кутулбасымды түшүнгөндөн кийин эски сандыгымды эмес, «эсимди» аңтарайын деп чечип, жаңы макалаларды жазууну чечтим. Бирок элдин таразасы, элдин сыны жеңил эмес, атак-даңкталып кетишиң мүмкүн же ындының өчүп «тапталып» калышың да мүмкүн эле. Ошондуктан күн-түн олтуруп жазган макалаларымды агайым, кесиптешим, профессор Сыртбай Мусаевичке бир сыйра окутуп, оңдоткондон кийин гана гезитке берип жүрдүм. Бара-бара гезиттин күчүн түшүнүп, көкүрөккө дем байлана баштады. Саяпкерлигин мындан бил, Жора байкем сыр алдырбай сыртыман карап, акырындык менен мени таптап жүрүптүр. Аны акыркы үч жыл ичи Жора байкем, Тойчубай байкем үчөөбүз өтө ысык болуп, бири-бирибизсиз түшкү тамак ичпей калган учурда: «Эми, тиги Тууганбай агайыңды гезит менен «ооруталы», – деп байкабай айтып алып жатпайбы. Көрсө, публицистикалык макалаларды жазууга жөндөмү бар адамдарды кызыктыруунун дагы бир өзгөчө жолу тура. Макалалары гезитке тынбай чыгып тургандар чындыгында эле «оорукчал» болуп, башка иштериңдин баарын жыйыштырып гезитке ылайыктуу темаларга кантип кирип кеткениңди өзүң дагы байкабай каласың. Мына ушундай ыкманын арты менен И. Арабаев университетинен бир нече агай-эжекелер макалаларын байма-бай бере башташты. Бул биринчиден, гезиттин окурмандарынын санын толуктап, академиялык чөйрөнү батыл аралаштыруу болсо, экинчиден, гезиттин өзү менен өзү каражатталуусуна шарт түзүү эле. «Ачык сөз» гезити окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн макалаларына көп орун беришине ыраазы болгон окурмандардын, айрыкча, мектеп мугалимдери гезиттеги маалыматтарды кошумча окуу каражаттары пайдаланып жатышкандыгы тууралуу уккандарын айтып өзү кубанып, бизди да кубантып калган дагы жайы бар.

Гезит, гезиттердин орду жана ролу жөнүндө сөз болуп калганда, дайыма: «Гезиттин максаты элди жалаң гана жаңы маалыматтар менен эле камсыз кылуу эмес. Агартуучулук милдетти дагы аркалашы зарыл. Агартуучулукту бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларына эле тапшырып, биз тим олтура бербешибиз керек. Анткени алардын күчү жетпегендерди, мына, биз тарбиялайбыз. Кимдерди десеңер, алар бүгүн бийликте олтургандар, мансапка кул болгон байкуштар, кечегисин унутуп, келечегин ойлобогон арсыздар, жүрөккө эмес, акылга ишенгендер. Бирок алар бизге бөлөк-бөтөн эмес. Ошондуктан кээ бирин какшыктап айтып, башка бирин кейитип айтып оңдойбуз. Оңолгонун далыга таптайбыз, оңолбосуна басып барбайбыз», – деп өңү сурданып, колун жаңсап сүйлөнүп, акырында шымын оңдогон болуп коер эле. Ачуусу келгенде, барчын бүркүттөй баркылдап алганы менен, «тепки» жеген, көпчүлүк баса калып «жулмалап» жаткан «чиндүүлөрдү» кайра калкалап, жактап сүйлөп, колдоп көптөгөн макалаларды жазды. Бул кадамын тактап сурап калганымда: «Мүдүрүлүп бара жаткан кишини «тепкилеп калуу» менин жан дүйнөмө туура келбейт. Кыйын экенсиң, иши жүрүшүп жатканда сын айтпайсыңбы, сындабайсыңбы. Анан эле кызматтан кеткенде, дөөлөтү тайыганда, жаман итче көлөкөсүн кубалап үрмөй адатты жаман көрөм. Мен эч качан сенсация кубалаган эмесмин. Чыныгы журналист кыл тамырчы болот, шыбаганды эле эмес, шыпаа болгонду дагы билиши керек. Азыркылар аны кайдан билишсин, кызарган жерди эле аңдып турушпайбы, жооруңду көрсө болду, пайда тапканга чейин чокуганы чокуган», – деп айрым кесиптештеринин кылыктары үчүн же ачууланаарын, же уялаарын билбей сызылып, кабактары түйүлө, өткөрө карап калуучу. Мына ушундан эле анын адамгерчилигинин канчалык деңгээлде бийик болгондугун байкап коюу оорго турбайт. Ал дайыма жөнөкөй, карапайым элге жакын болуп, «кызыл камчылардын» ураанын сүрөгөн жок. Тетирисинче, мүдүрүлгөндөрдү сүйөдү, жыгылгандарды жөлөдү, кейигендердин көңүлүн көтөрдү, адашкандарга акылын айтты. Башкалар сатса саткандыр, бирок ал, абийирин, ишенимин, өзү түзгөн эрежесин, мүдөөсүн эч качан сатпады, саткандарды кечирбеди…

Аттиң, Жора агамдын «экинчи өмүрүнүн» эрте башталганына капамын, армандамын. Эми сиз жөнүндө далай-далай баяндар, аңыздар жазылаар… менин сиз тууралуу баяным али баштала элек, жоокер жүрөк бир тууганым…

Автор: КАПАЛБАЕВ Октябрь

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here