—  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап акча талап кылуу) менен айыпталган Тамара (аты өзгөртүлдү, Т.П.) менен Чынаранын (аты өзгөртүлдү, У.А.) жазык иши боюнча материалды карап, өкүм чыгарды.

Тамара 1962-жылы Базар-Коргон районунда туулган. Билими орто, 3 баланын энеси, эч жерде иштебейт.

Чынара 1988-жылы Сузак районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебейт.

Тамара 2020-жылдын апрель айынын орто ченинен баштап Бектур (аты өзгөртүлдү, К.К.) менен WhatsApp аркылуу байланышып, «сен мени зордуктагансың. Зордуктаганыңды үй-бүлөңө, ишиңе жана айылыңа жарыя кылам» деп шантаж кылуу жолу менен 28-апрелде банк аркылуу 10 000 сом акча алган.

Мындан тышкары Тамара шериги Чынара (аты өзгөртүлдү, У.А.) менен алдын ала сүйлөшүп, 2020-жылдын май айынын башынан тартып WhatsApp аркылуу жабырлануучу Бектурду «зордуктагансың» деп коркутуп, акча талап кылышкан. Андан кийин Тамара менен Чынара 2020-жылдын 18-май күнү болжол менен саат 12:20 чамасында Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында жабырлануучу Бектурдан 8 000 сом алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тамара сотто күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, көп жылдан бери ооруп, элден жабырлануучу Бектур тууралуу угуп, ага дарыланууга барган. Бектур аны кароодон өткөрүп, ийне сайып дарылап баштаган. Бир жума баргандан кийин айыпталуучуну ишемби күнгө чакырган. Жабырлануучу Тамарага ийне сайып, ошол маалда көкүрөгүн, белин кармалап, «келбетиң жакшы экен. Күйөөң каза болгондон бери эркек киши менен кошулбаганыңдан улам ооруп жатасың» деп зордуктаган. Жабырлануучу ага каршылык көрсөтө алган эмес. Арадан 10 күн өткөн соң кайра ооругандыктан Бектурга оорудан айыкпаганын айткан. Ал Тамарага «дарыланууга кеткен акчаңды кайтарып берем» деп 10 000 сом акчаны банк аркылуу салган.

Жабырлануучу айыпталуучуга акча каражатынан жардам берерин айткан. Тамара кайра ооруп калгандыктан бул сөзүн эстеп, Бектурга телефон чалганда ал телефонун албай, номурун кара тизмеге киргизип салган. Андан кийин Тамара Чынарага телефон чалып, окуяны айтып берген. Анын телефону менен WhatsApp аркылуу жабырлануучуга аудио жөнөткөн. Ал: «акча берем, келгиле» деп чакыртып, милиция кызматкерлерине карматып койгон.

Тамара бүгүнкү күндө Бектур менен элдешкенин айтып, соттон жеңилдик берип, жазык ишин кыскартууну сурады.

Чынара сотто күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, Тамара ага болгон окуяны айтып берген. Андан кийин ал Бектур менен байланышып, Тамаранын номурун кара тизмеден чыгарып коюуну суранган. Бирок жабырлануучу чыгарбагандыктан WhatsApp аркылуу Тамаранын аудиосун кетирген.

Чынара жабырлануучудан эч кандай акча талап кылбаганын, бүгүнкү күндө аны менен элдешкенин айтып, соттон жеңилдик берүүнү сурады.

Бектур айылдык ФАПта дарыгер болуп иштейт. Анын айтымында, Тамара дарыланууга келип, ийне сайдырган. Кийин жалаа жаап, «мени зордуктагансың» деп айтып акча талап кылган. Жабырлануучу үй-бүлөсүнүн алдында уят болбоюн деген ойдо 10 000 сом акча каражатын банк аркылуу салган. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин кайра эле телефон чалып, шантаж кылам деп акча талап кылганда номурун кара тизмеге киргизип салган. Андан соң бейтааныш номур аркылуу бир кыз телефон чалып, «Тамара эженин номурун кара тизмеден чыгарып кой» деп, WhatsApp аркылуу ар кандай аудиолорду жөнөткөн. Айласы кеткендиктен милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу бүгүнкү күндө айыпталуучуларды кечиргенин, алар менен элдешкенин жана эч кандай доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз берип, жазык ишин кыскартууну суранды.

Тамара менен Чынара Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап акча талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, экөө тең 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылып, ар бирине 500 эсептик көрсөткүчтө (50 000 сом) айып пул салынды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде Тамара менен Чынарага карата пробациялык көзөмөл (пробация) колдонуу менен белгиленген жазадан бошотулушту. Пробациялык көзөмөл 1 жылдык мөөнөткө белгиленди.

Булак: Turmush

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here