КТРКдан  пандемия учурундагы кыргызстандыктардын абалын, дарыгерлердин оору менен күрөшүп жатканын, ыктыярчылардын ошол учурда элине көрсөткөн жардамын,  достордун мамилесин, шайлоонун алдындагы “оюндарды”, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, кыз ала качуунун терс жактарын, бийликтин кылып жаткан иштерин сындаган “Таӊ алдында” сериалы көрсөтүлүп жатат. Анан албетте, сүйүү темасы да артта калган эмес. Сериалды тарткан кинорежиссёр Айбек Дайырбеков мырза менен аталган тасма туурасында баарлаштык.  

—Айбек мырза, «Таң алдында» сериалын тартуу идеясы пандемия учурунда эле пайда болдубу же мурда сценарийи бар беле? Атын эмне себептен андай атадыңыз?

—Идея пандемия убагында пайда болду. Андыктан, карантин тууралуу кино тартсакпы дегенбиз, бирок карантин кыска болгондуктан, аны ишке ашыруу кыйын болду. Карантин бүтүп, Кыргызстанда пандемия күчөгөн маалда ушул учурду, ушул заманды камтып калалы, тартып документтештирип, элге тартуулайлы деген идея пайда болгон. Идея көп кишиге таандык. Ал убакта Кыргызстанда бардык чыгармачыл адамдар четте турган жок. Акындарыбыз ыр жазышты, сүрөтчүлөр сүрөт тартышты, ырчылар ыр жаздырып, элге тартуулашты. Киночулардан да пандемия боюнча дагы далай чыгарма чыгат болсо керек. Бул күндөр дүйнө жүзү үчүн дагы, Кыргызстан үчүн дагы караӊгы түндөй эле каптады. Биз үчүн өтө оор күндөрдүн жана түндөрдүн бири десек болот. Ошол күндөрү биз билип –билбей, билмексен болуп жүргөн Кыргызстандын бардык проблемалары аркайып ачылды го. Анан кандай гана түн болбосун, түндөн кийин күн чыгып, таӊ атат деген маанини бергибиз келип «Таӊ алдында» деп атадык. Кинонун атын тандоодо да көп варианттар болду. Өзүбүзгө жаккан, мазмунду бере ала турган ушул ат болду.

—Кыргызстандагы башаламандыкты, кыз ала качуунун терс жагын, достук мамилени, айрыкча азыркы шайлоо, пандемиядагы дары табылбаган учурларды таамай көрсөтүптүрсүз. Канча серия болот, толук тартылып бүттүбү же азыр да тартуу иштери жүруп  жатабы?

—Сериал башталгандагы кыз ала качуу окуясы менен башталгандыгы толугу менен сценарист Азимхандын идеясы. Калган темаларын чогуу отуруп ойлоп табылды. Сюжеттин өнүгүшүнө чыгармачыл топтун баардыгынын салымы чоӊ.  Пандемия учурунда элге жардам көрсөткөн дарыгерлердин, ыктыярчылардын дегеле жалпы патриот мекендештерибиздин салымын көрсөтүп кетели деп, баарын камтыдык. Анан пандемияга катарлаш эле 5 жылда бир келчү парламенттик шайлоо дагы кинобуздун экинчи  бөлүгүндө финалында камтылды. Себеби, шайлоодо ар бир жаран мамлекеттин келечегине салым кошо алат. Ар бир шайлоочунун тандоосунан кийинки 5 жылдык тагдырыбыз көз каранды.

Биз негизи 1-сезондо 8 серия тарттык. 15-20 серия кылсак деле болмок. Бюджеттин жана убакыттын тартыштыгына байланыштуу 8 серияга токтолдук. Андан көп болгондо акчабыз да жетпей калмак. Бул долбоордо өкмөттүн акчасы жок. Бул толугу менен кинонун продюсерлери Бабур Төлбаев жана Нурлан Мирзаматовдун салымы. Тартуу иштери толугу менен аяктады. Азыр монтаж иштери бүтүп, үн режиссёру, боёо жана композитордун иштери жүрүп жатат.

—Дарыгерлерге оор жүк келгенин, ыктыярчылардын ишин жакшы бериптирсиз. Кайсы кадрды тартууда кыйналдыңар?

—Апаатты жеӊип чыгууда дарыгерлер менен ыктыярчылардын салымы өтө зор. Бул жагынан оорчулуктар өтө көп болду. Тартуу иштери июль айында башталган. Ал учурда Кыргызстанда пандемия күчөп турган. Ооругандардын да, каза болгондордун саны да июль айында көп катталды. Кастинг убагында көп актёрлорду чакыра алган жокпуз. Коопсуздук маселеси болгондуктан, улуу муундагы актёрлорду чакыргандан корктук. Коркпой келип тартылып берген актёрлорго, чыгармалык топко ыраазычылык билдирем. Эгемберди Бекболиев агабыз:  “Апаат маалында биздин колубуздан мындан башка жардам болбойт. Ушул маалда, ушул күндөрү тартылып берели. Өзү пандемия жөнүндө сериал болуп атса, үйдө жашынып жатып алганыбыз туура эмес” – деп айтканы жүрөктү жылытты. Экинчи кыйынчылык-коопсуздук маселеси болду. Сьемканы баштаганда чыгармачыл топ маска тагынып, тартып аткан обьектини тазалап (обработка кылып), санитайзерлерди колдонуп, ооруган адамдардын жок экени тастыкталгандан кийин, жабылып алып өзүнчө  үй-бүлө сыяктуу тарттык. Апаат күчөп атканда башка бирөлөрдүн үйүн арендага алгандан, оорукананы тарткандан корктук. Биринчиден оорукана чыккан жок, ал күндөрү оорукананын баары жык-жыйма болуп орун жок болуп жаткан чакта, кино тартабыз деп барып алганыбыз туура эмес болмок. Ошондуктан, ооруканалар бошой баштаганда, август айында Кой-Таштын поликлиникасынан тарттык. Пандемия убагында көйгөйлүү маселе чагылдырылып жаткан сериал тартылып жатканын билгенде кубанып болгон жардамын көрсөтүштү.  

—Бийлик тараптан кысым болгон жокпу?

—Бийликтен кысым болгон жок. Себеби, обу жоктонуп жок нерсени сындаган сериал эмес. Бул көйгөйлүү маселелерди чагылдырган, биринчи кезекте кыргызстандыктар, алардын турмушу жөнүндө тартылган тасма. Ушул күндөрү кантип жашашты, кантип дарыланышты, кантип ооруп атышты, ошолорду чагылдырып көрсөттүк. Ооба, сериалыбызда бийликке, өкмөткө сын таамай айтылган. Ушуну коркпой телеканалдан көрсөтүү бул менимче КТРКнын жетекчилигинин чоӊ эрдиги. Кысым КТРКнын жетекчилигине болушу мүмкүн. Бирок, КТРК көрсөтпөгөн күндө да сериал интернетке чыкмак. Негизи эле көйгөйлүү маселелерди кино кылып тартуу туура жол. Себеби, коомдо болуп жаткан көйгөйлөр ачык-айкын айтылганда маселелер чечилет. Экинчиден, элдин добушу да бийликке жетет. Мындай сериалдарды өкмөт буйрутма берип тарттырышы керек. Сериал чыккандан кийин өкмөт да, бийлик да кино аркылуу элге идеологияны таратса болоор экенин түшүнсө абдан жакшы болмок. Себеби, дүйнө жүзүндө кино — идеологиянын куралы болуп келген. Мисалы, Америка идеологиясын жалаӊ кино менен таратып көргөзөт. Алар эч качан Кыргызстанга келип плакат таратпайт, лекция, митингдерди өткөрбөйт. Киного эле киргизип, аны дүйнө жүзүнө көрсөтүп коёт.

—Буга чейинки тарткан тасмаларыңызды кинотеатрлардан көрчү элек. Тасма кинотеатрдан кеткен жок да, чыгымыңыз акталбай калабы?

—Ооба, кинотеатрлар жабык болгондуктан сериал кинотеатрга чыккан жок. Туура айттыӊыздар, тасманын чыгымы өзүн-өзү актабайт. Бул тасмада чыгармачылык топ да, продюсерлер да айтайын деген, атуулдук позициясы, кинематографисттердин элге тартуулаган эмгеги, милдети десем да катуу кеткен болбостурмун. Мындай абалды тартып, тарыхка калтырып коюшубуз керек. 10-20 жылдан кийин бул унутулушу мүмкүн. Бирок, биз ушул апааттан сабак алышыбыз зарыл.

—Акниет менен Максат үйлөнөбү? Окурмандарыбыз кызыгып жатышат…

— Аны билбейм. (күлүп) Кинодо негизи Акниет менен Максаттан тышкары абдан көп линиялар бар. Акниеттин байкеси укук коргоо органдарында иштеген инсан. Анын, Дамирдин да кульминациялары бар. Дамирге окшогон адамдар Кыргызстанда абдан көп. Алар өзгөрсө экен, Дамирди каржылаган Марат байкедей адамдар өзгөрсө экен деген ниетте тарттык. Айназикти ала качкан жигиттин тагдыры, үй-бүлөсүндө зордук-зомбулукка дуушар болуп кыйналып жүргөн Назиранын тагдыры, ошондой эле жаӊы мектепти бүтүрүп, билим алам деп жүргөн Айназиктин тагдырын аягына чыгардык. Оору менен күрөшүп жүргөн ыктыярчылар, шайлоого катыша турган талапкерлердин линиясын аягына чыгарганга аракет жасадык. Аны сериалдын аягында көрөсүздөр. Көрүүчүлөрдү сюжет менен таӊ калтыра алабыз деп ишендире алам.

    Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here