Ырчы, обончу, модель, дизайнер-модельер, деги койчу, Лира Seven өзүн бир топ тармакта сынап келет. Ал көпчүлүктүн эсинде эпатаждуу образдары менен да калган. Ырчы катары чет өлкөдө ырдап, чет жактагы мода жумалыктарын багынтып жүргөн Лира Seven  кезектеги коногубуз.

— Лира айым, саламатсызбы? Социалдык тармактардагы баракчаңыздан жаныңыз тынбай эмгектенип, чет өлкөлөрдө жүргөнүңүздү көрүп калабыз. Айтып бериңизчи, кайсы өлкөдө эмне менен алексиз?— Саламатчылык. 5 жылдан бери келишим боюнча Түркияда иштейм. Ал жакта отелдерде ырдайм. Келишим менен чет өлкөгө чыккандар аз. Жыл сайын чакырылган мен гана деп мактанып койсом болот. 2019-жылы кезектеги келишим боюнча Түркияга барганымда Париждеги мода жумалыгына дизайнер- модельер катары чакырып калышты. Келишимге кол коюп койгондугум үчүн жана каражат маселесине байланыштуу Парижге баруудан айла жок баш тарттым. Нью-Йорк мода жумалыгына да чакырышкан. Ал жакка да каражаттын айынан бара алган жокмун. Андан кийин Араб мода жумалыгынын президенти Антонио Рубел Араб мода жумалыгына Дубайга чакырып калды. Дубайга бардым

.— Ал сизди кайдан көрүптүр, кантип чакырып калды?— Мен 2017-жылы Араб мода жумалыгына барууга кызыгып, кантип барса болорун изилдегем. Ал иш- чарага дизайнер катары катышам десең, бери дегенде эле 14-15 миң доллардын тегерегинде акча керектелет экен. Андай шартым болбогондуктан, шагым сынып отуруп калгам. Ошондо долбоордун Инстаграм баракчасына катталгам. Бир күнү эле Антонио Рубел өзү мага жазып, Дубайда өтчү Араб мода жумалыгына чакырып калды. «Менде демөөрчү жок болгондуктан, баруу мүмкүнчүлүгүм жок» десем, «сизде талант бар экен. Иш-чарага VIP-конок катары чакырам» деди. Түркиядагы келишимдин аяктаарына аз калган, жумуш берүүчүлөргө абалды түшүндүрүп, келишимди токтотуп, өткөн жылдын октябрь айында Дубайга бардым. Кызыл килемден өттүм. Антонио Рубел таанып, өзү учурашты, кыскасы, баары жомоктогудай болду. Минтип баарына өз күчүм менен жетип жатам. Байдын кызы эмесмин, демөөрчүм жок, бирөөнүн токолу эмесмин. Өз күчүң менен көтөрүлүү аябай кыйын. Күнү-түнү идеялардын үстүнөн иштемей, келген эргүүнү кармап калып, ишке ашыруу жеңил эмес. Бирок чоң эмгек менен келген «тамак» жакшы аш болот. Мындан тышкары Дубайда жүрүп, «СССР ханышасы» сулуулар сынагынын тандоо туруна катышып, өтүп кеттим. Сынактын өзү ушул жылдын октябрь айында болот деп жатышат.— Жолдуумун деп ойлойсузбу?— Жашоо кызык, бир туруп хан көрбөгөн укмушту көрөсүң, бир туруп ит көрбөгөн кыйынчылыктан өтөсүң Чет жерде өзүңө гана ишенишиң керек, көп кыйынчылыктар болот. Ачка калган күндөрүм да болду.— Өзүңүздүн музыкалык талантыңызга кандай баа бересиз? Кыргыз ырчыларынан кимдинырларын угасыз?

— Кыскача айтсам, мен бардык жанрда ырдай алам. Репертуарымда 1000дей ыр бар. Ал эми кыргыз ырчыларынын ырларын укпайм. Дүйнөлүк ырчылардын ырларын угам. Биздин ырчылар жаңы өсүп келе жатышат. Сындагым келбейт, баары аракет кыла беришсин. Арасында начар ырдагандар, сапаты жок ырлар көп. Бул өкүндүрөт. Бирок андайларга көңүл бурбаганга аракет кылам. Бизде шоу-бизнесте маселе эмне билесиңерби? 2-3 адам бар, алар телеканалдарды ээлеп алышкан. Телеканалдардан өздөрүнүн гана ырчыларынын ырларын беришет. Башка ырчылардын чыгармаларын көрсөтүшпөйт. Анан улам бир ырды кайталап бере берсе, эл «ушул ыр популярдуу турбайбы, ушул ырды угуш керек— Жок, стилим ошондой болчу. Өзүм ысык мамлекеттерде көп жүрем. Ал жактарда кыска юбка, чолок шым кийип жүрүү кадимки көрүнүш. Мен жылдан жылга өсүп жатам, көз караштарым да, кийимдерим да өзгөрүп жатат.

— Кийим демекчи, улуттук кийимдерди тигип, көргөзмөлөргө катышып жүрөсүз…

— Ооба, улуттук кийимдерди заманбапташтырып тигип жатам. Башында «ачык шөкүлөлөрдү тигип жатасың» деп көптөр сындашкан. Кийин ошолор менин идеяларымды уурдашты. Мен тиккен шөкүлөлөрдү кие элек афроамерикалыктар гана калды көрүнөт. Аларга да кийгизиш керек. Көп эл шөкүлөнүн тарыхына кызыга башташты. Минтип кыргызды таанытып жатам. Мен элим, жерим деп күйгөн адаммын. Кыргызстанымды жакшы көрөм. Бирок кээде жинге тийген абал болот, болбогон майда нерселер үчүн тытышкан элди көрүп кейип кетем. Китептерде кыргыздар айкөл, жогорку деңгээлде ойлонгон, аң-сезими бийик калк деп сыпатталат.Майдаланып кеттик

.— Сөз арасында Чыңгыз Айтматовдон мактоо айтып калдыңыз…— Ооба, Чыңгыз Айтматовду кайсы бир иш-чарада көрүп калып, автограф алып калдым. Ошондо Чыңгыз Айтматов мага «аябай сулуу кыз экенсиң» деп мактаган.

— Мактоолорго ээ болуп жүрө бериңиз! Ийгилик коштосун!

Булак:Суперкж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here