22-сентябрда “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев “Фейсбуктагы” баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн “Мекенин Кыргызстан” партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирди.

Аравандагы окуя Алышта кайталанды. Түндөп келип, "Мекеним Кыргызстан" партиясына иштеген Долон аттуу чала спортиктер "…

Опубликовано Тынчтыком Алтымышевым Вторник, 22 сентября 2020 г.

“Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышевдин посту боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты. Анда партия жалган маалымат тараткандыгы үчүн Алтымышевге чара көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз даярдалып жатканы айтылат. Билдирүүдө Алтымышев жазган чырга партиянын эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгы “Республика” партиясынын үгүтчүсүнүн сабалганы боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 22-сентябрь саат 12 чамасында 25 жаштагы Алтынбек Асеков аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү таңкы саат алты чамасында Алыш айылында Максат аттуу тургун тааныштары менен сабап кеткенин арызданган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Алтынбек Асеков менен Максат тойдо чатакташа кетишкен. Көп өтпөй Максат ооруканага жеткирилген. Милиция Алтынбек Асеков “Республика” партиясынын, ал эми Максат “Мекеним Кыргызстан” партиясын үгүтчүсү экенин маалымдады.

Азырынча Алтынбек Асековдун ден соолугу жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы да азырынча окуя боюнча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here