«Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанып, эл кыдырып, топтолгон элдин алдында бир аз толкунданып, сүйлөгөн азыраак жаңылып алган Махабат Мавлянованы сындаган «диван эксперттер» жана жөн эле соцсеттерде «айылчылап» жүргөндөрдөрдүн аягы бир күндөн бери тыйыла элек. Кыргызда: «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» деген жакшы кеп бар. Кимдер гана жаңылбайт? Керек болсо мен деген чечендер да жаңылат. Андыктан, бир жаңылган адамды кечке тебелей берүү адамкерчиликке жатпас. Ал ушунча болуп элдин алдында бир ирет жаңылды. Кыргыздын сөзүнөн эмес, четтен келген сөздөн. Андан таргедия издеп, томуктай нерсени тоодой кылуунун кажети жок. Буга чейин ЖКда алдындагы кагазды тыңдап окуй албагандар, кыпкыргызча сөзгө тили келбей кайра0кайра уят болгондорду деле көрүп келдик. Аларга салышытырп жаткан «академиктердин» деңгээлине баракелде дейли…

Чынында Махабат айым, 6-чакырылыштын депутаты катары активдүү депутат болуп, элдин көйгөйүн көп көтөрдү. Элдин оозуна алып, батасына арзыды. Бизнестен саясатка келген айым катары да узак жылдан бери элге кайрымдуулук иштерин көп жасады. Андай ишти пандемия мезгилинде да күчөтүп, көптөргө үлгү көрөсөттү. Махабат айымдын бир сөздөн жаңылганынан кынтык издеп, улам сындап жаткандардын көбү анын атаандаштары экенин да эл жакшы түшүнүп турат. Бирок жаңылган адамга жабыла сын айта берүү акылга сыя бербеген берекесиз иш экенин эске алалы…Шариятта да бирөөнүн абийирин ача берүү жакшы иш эмес экени айтылат эмеспи…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here