Финансы министрлиги депутаттардын быйыл Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард долларга өстү деп айтканы чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын аягында тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукцияга (ИДП) карата 45,5 пайызга азайган. Бирок быйылкы пандемия учурундагы кризиске байланыштуу тышкы карыз ИДПга карата 56,2 пайызга өскөн.

«Мамлекеттик карыз 1 миллиард долларга көбөйгөн жок. Анткени сырттан жардам катары 337 миллион доллар келип түшкөн. Анын 269 миллиону насыя түрүндө», — дешти министрликтен.

31-июлга карата мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түздү. Министрликтин божомолу боюнча, карыз жыл аягына чейин дагы 154 миллионго көбөйөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички карызынын суммасы 654,41 миллион долларды түзөт. Тышкы жана ички карызды кошуп эсептегенде жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларга жетет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here