БШК караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин контролдоо боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды.

Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген.Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн билдирген. Ошентип, сүйүнчү акча тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here