Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында бажы тармагындагы чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкерлери «Айхан» деп аталган фирма менен алдын-ала сүйлөшүп, Кытайдан кирген товарлардан бажы төлөм алган эмес. Андан мамлекеттин казынасы 61 миллион сом зыян тарткан.

Таиров бул акчанын 55 миллиону мамлекетке кайтарылганын, 15 адам жоопко тартылганын айтты. Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы тергөөгө келүүдөн баш тартып жашынып жүргөн учурда Азербайжандан алынып келгенин, иш азыр соттун кароосунда экенин айтты.

Таиров бажы тармагындагы дагы бир коррупциянын бети ачылганын, Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчилиги жана кызматкерлери жеке фирмалар менен алдын-ала сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө жасалма квитанцияларды колдонуу менен Кытайдан ташылган товарларды каттаганын маалымдады. Мындай көрүнүштөн казына 91 миллион сомдон ашык зыян тартканын, 17 адам, анын ичинде бажы кызматынын жооптуу адамдары жоопко тартылганын, иш сотто экенин белгиледи.

Бакир Таиров сөз кылган Мамлекеттик бажы кызматынын издөөдө жүргөн мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 2018-жылы Азербайжандын борбору Бакудан кармалып, өлкөгө экстрадицияланган.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын жарымына карата элдин ишениминин деңгээли боюнча иликтөөсүндө сурамжылоого катышкандардын көбү Мамлекеттик бажы кызматын «эң коррупциялашкан мекеме» деп эсептей турганы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here