Антикоррупциялык ишкер кеңеш жол тендерлерине байланыштуу чуулгандуу иштерде аттары аталган мурдагы төрт министрдин шайлоого баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Алардын арасында жол курулушунда мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык чийимдерди түзгөн деген шек менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов да бар.

Ал 2012-жылдан бери дайынсыз болуп, анын кылмыш иши убактылуу токтоп турган. Өлкөгө кайтып келсе, камакка алынып, иши сотко өтөрүн жарыялаган Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановдун шайлоого катышып жатканынан кабарсыз болуп чыкты.

Ири жол тендерлериндеги чуулгандуу иштер боюнча артынан сөз ээрчиген мурдагы министрлер Калыкбек Султанов, Аргынбек Малабаев жана Жамшитбек Калилов да саясий партиялардын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары катталганы белгилүү болду.

Мурдагы министрлердин саясий жүрүшү

Буга чейинки социалогиялык сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген мурдагы төрт министр — Нурлан Сулайманов, Калыкбек Султанов, Аргынбек Малабаев жана Жамшитбек Калилов парламенттик шайлоого катышуу үчүн депутаттыкка талапкер катары катталган.

2012-жылы эл аралык издөө жарыяланган Нурлан Сулайманов «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №18 талапкер болуп жүрөт. Ошол эле тизмеде ага катарлаш болуп, №19 катарда мурдагы министр Аргынбек Малабаевдин талапкерлиги бекитилген. Дагы бир мурдагы министр, кийин депутат жана экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси болгон Калыкбек Султанов «Биримдик» партиясынан катар орду боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 талапкер. Анын артынан мурдагы министр Жамшитбек Калилов №87 талапкер болуп, ошол эле партиянын тизмесине киргизилген.

Мыйзамдын өксүгү

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова мыйзамдын негизинде чуулгандуу иштер боюнча коомчулукка аты чыккан мурдагы аткаминерлердин шайлоого барышына бөгөт коюп, аларды мамлекеттик кызматка жолотпош керек деп эсептейт.

«Мурдагы аткаминерлерге, экс-министрлерге козголгон иштер жабылып, алардын парламенттик шайлоого баратканы туура эмес, — деди ал. — Бирок азыркы мыйзамдар боюнча ага жол берилип калган. Азыркы партиялардын тизмесинде бир топ кишилерге кылмыш иши козголгон. Териштирип, карасаң бардыгы «таптаза» болуп чыга келишкен экен. Алардын арасында мурда бийликте жүргөн транспорт жана жол министрлери бар. Азыркы абалда биздин өлкө аябай эле коррупцияга чырмалышып калганын эске алуу менен мурда кылмыш иши козголгон аткаминерлерге бир эле шайлоого эмес, кийин мамлекеттик кызматка барууга да биротоло бөгөт коюш керек. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлердин арасын «тазалоого» болот. Бул чара мыйзамдык негизде ишке ашуусу зарыл. Антпесе коррупцияга аралашкан аткаминерлер кайра эле шайлоолорго катышып, кайрадан эле кызмат орундарына айланып келе берет. Биз мисалы, ошол эле жол тармагына миллиондогон доллар сырттан насыялар келерин, мамлекеттик бюджеттен ири каражат бөлүнүп жатканын билебиз. Бирок коррупциянын айынан жолдор сапаттуу салынбай, аз эле убакытта бузулуп, иштен чыгып, анан кайрадан насыя алынып, мына ошол акчанын эсебинен кайра жол куруу чыгымдары көбөйүп, өлкөнүн тышкы карызы өсүп жатат».

«Суурулуп» чыккан Сулайманов

Башкы прокуратура Сулаймановго транспорт жана жолдор министри болуп турганда коррупциялык чийимдерди түзүп, жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал Жогорку Кеңеште «Ата Журт» фракциясынан депутат болгон. Ага Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айып коюлган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Нурлан Сулайманов 250 млн. сомдук жол тендерин өткөрүүдө өз пайдасын көздөп, ири өлчөмдөгү акчаны кымырган деп шек саналган. Бирок Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен ага издөө жарыяланган.

Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыш иштерин тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Абай Молдакматов 2018-жылы 3-марттагы басма сөз жыйынында мурдагы министр Нурлан Сулайманов издөөдө болгондуктан кылмыш иши убактылуу токтотулганын айтып, ал кармалса камакка алынып, иши сотко өткөрүлө турганын жарыялаган болчу.

Алты жыл изделген министр «алтын тизмеде»

Мына ошентип, кармалса эле токтоосуз түрдө камакка алынып, сот жообуна тартыла турганы айтылган мурдагы министр Нурлан Сулаймановду Кыргызстандын укук коргоо органдары алты жылдан бери издеп таппай жатканда, ал өзү Кыргызстанга эбак эле кайтып келип, быйыл «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого баратканы белгилүү болду.

Мыйзам боюнча парламенттик шайлоого катышып, депутат болуп шайланып келген адам кылмыш үстүнөн кармалган учурлардан сырткары мурдагы иштерине жооп бербейт жана кол тийбестикке ээ болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Нурлан Сулаймановду депутаттыкка талапкер катары каттабай койгонго негиз жок деген жообун узатты:

«Ал киши тууралуу толук маалыматым жок экен. Бирок бардык талапкерлер «Түндүк» системасы жана укук коргоо органдарынын маалымат борборлору аркылуу электен өтүп, анан каттоодон өткөрүлгөн. Менин азыр эсимде болгон маалымат боюнча ал киши тууралуу соттун чечими чыккан эмес. Эгерде талапкерге айыптоо өкүмү чыкпаса жана андай өкүм күчүнө кирбеген болсо, анда анын пассивдүү шайлануу укугу сакталат».

Ошол эле кезде мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулаймановдун өлкөгө качан кайтып келгени, анан кармалып, камакка алынып, тергөөгө сурак бергени жана анын кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп, кандайдыр бир өкүм чыкканы тууралуу буга чейин кандайдыр бир расмий маалыматтар коомчулукка жарыяланган эмес.

Башкы прокуратуранын «баёолугу»

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова издөөдө жүрүп, эми талапкер катары катталган Нурлан Сулаймановдун кылмыш иши тууралуу толук маалымат жоктугун, аны дагы такташ керек экенин айтып, ошол бойдон бул суроого так жооп бере албады:

«Мурдагы күнү ошол боюнча маалымат сураттым эле. Бирок ал боюнча азырынча маалымат бизге келе элек. Азыр мен аны айткан кызматкерге айтып, ошону тактайынчы. Негизи, эл аралык издөөдөгү адам келгенде, ал кармалышы керек. Анткени ал боюнча тиешелүү соттун чечими аткарылышы керек да. Бирок азыр мен бул тууралуу толук маалымат бере албайм. Анткени бул иш боюнча мен билбейт экенмин. Ошондуктан ал адам издөөдө болду беле же ага байланыштуу иш каралды беле деп сураштырайын. Аны мен так айта албайм».

Анткен менен «Кыргызстан» партиясындагы ишенимдүү булак Нурлан Сулаймановду талапкер катары каттоо учурунда бул маселе козголуп, бирок анын соттон акталганы боюнча жооп болуп, ага негиз берген документтер көргөзүлгөн соң маселе оң жагына чечилгени тууралуу билдирди. Бирок анын сот иши качан болгону жана аны актоо өкүмү эмненин негизинде кабыл алынганы боюнча так маалымат жок.

«Марага чуркаган» Малабаев

Аны менен удаалаш эле «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, мурдагы министр Аргынбек Малабаев 2015-жылы Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев менен тендер чатагы боюнча каршылашып, кызматынан кеткен.

Аргынбек Малабаев бул иште ал күбө катары өткөнүн айтып, анын бул иш боюнча эч кандай айыбы жоктугун белгиледи:

«Эл катары эле шайлоого аттанып жатам. Буга чейинки кызмат орундарым боюнча артымда эч кандай «куйругум» жок. Эч жакка качкан эмесмин. Ушул жерде эле жүрөм. Сунуш түшкөндүктөн «Кыргызстан» партиясына өзүмдүн «Улуу Журт» деген партиям менен келип кошулдум. Балыкчы-Корумду жолу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылгам. Анткени ошол жол тендери боюнча иштин бардыгын өзүм ачыкка чыгаргам. Себеби туура эмес тендер өтүп, «кара тизмедеги» Кытайдын компаниясы андан утуп алганын биринчилерден болуп мен айтып чыкпадым беле? Мен иш сапарымда жүргөн мезгилде тендер жарыялап, өткөрүшкөн. Мен ошол тендерге жооптуу орун басарымды кызматынан алуу боюнча өкмөткө сунуш киргизгем. Маселе ошондон чыккан».

Табышмактуу тендердин таржымалы

Буга чейин Жогорку Кеңеште Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп алганы белгилүү болгон.

Ал чет элдик ишкер жетектеген компания кошумча жалданган жергиликтүү аткаруучу ишканалар менен жумушчулардын да акысын төлөбөй келгени боюнча кылмыш иши козголуп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар насыя берген. Йылмаз Хун Эртугрул ээлик кылган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы бул тендерди утуп алган.

Ошондой эле анын бул компаниясы азербайжандык «Алке Иншаат Санайи» компаниясы утуп алган Ош-Баткен-Исфана жолуна туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп кирген. Бул долбоордун 21,31 миллион долларын Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 2,5 миллион доллардан ашууну республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бул жол куруу долбоорунун тендери мурдагы министр Калыкбек Султановдун учурунда өткөн. Курулуш иштери кийинки министрлер Аргынбек Малабаев, Замирбек Айдаров жана Жамшитбек Калиловдун мезгилинде улантылып, азыркы күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.

Мурдагы министр Аргынбек Малабаев аталган жол тендеринин кесепети тууралуу мындай дейт:

«Бул тендер Калыкбек Султанов министр болуп турганда өткөрүлгөн экен. Кийин мен министр болуп келген кезде бул жол долбоорунун биринчи фазасы бүтүп калыптыр. Ошол кезде 35 чакырым жолдун тилкеси калган болчу. Ал жерде Кыргызстандын эле жергиликтүү ишканалары иштеп жаткан экен. Тендерден уткан ошол чет элдик компаниянын жетекчилигин чакырып: «Биздин келишимде бекитилген шарттар боюнча силер бул жерге завод коюп, иштетишиңер керек эле. Андан кийин өзүңөрдүн жол куруу техникаңар болушу негизги талап болчу. Анын бардыгы каякта?» деп маселе койгом. Бул иштердин бардыгы башында тендер Калыкбек Султановдун учурунда болсо, кийин Жамшитбек Калиловдун учурунда деле пара менен кармалгандар болду. Мен корко турган эч нерсе жок. Анан кийин ал кишини темир жолду долбоорлоонун башына алып барып коюшканына түшүнгөн жокмун. Азыр эми ал адам «Биримдик» партиясынан талапкер болуп чыгып жатканын уктум».

Ошол эле кезде бул чуулгандуу тендер чуусу боюнча мурдагы министр, 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынан депутат, анан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп жүрүп, азыр «Биримдик» партиясынан депутаттыкка аттанган Калыкбек Султановдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров ал тендер өтүп, келишимге кол коюлгандан кийин кызматка келгенин айтып, утуп алган компаниядан баш тартууга мүмкүн эмес болчу деген мааниде жооп кайтарды:

«Бул боюнча макулдашуу ратификацияланып, тендер өтүп, келишимге кол коюлуп калган. Тендердин туура же туура эмес өткөнүн азыр эми эч ким айта албайт. Тендер өтүп, келишимге кол коюлган соң ишти башташ керек да. Бирок жол бүтпөй жатып эле чекесинен талкаланып, бузулуп баштаган. Ошондо эле кассациялык арыз берилиши керек эле да. Жолдун чекелери оңдолуп, тротуарлары эмгиче салына элек деп уктум. Кыскасы, дагы эле бүтө элек экен. «Чакыр Япы» жумушчулардын жана андагы жол курган ишканалардын эмгегин жеп алды да. Ошондуктан алар азыркы кезге чейин соттошуп келет. Акчасын эмгиче ала албай жүрүшөт. Элдин «булардын колунда техника жок, «бир калемсап менен келип эле жол курабыз» деген компания экен» деп айтканы туура болуп чыкты да».

Жыйындан «айдалган» министр же чоң паранын чатагы

Мындан сырткары «Биримдик» партиясынан талапкер катары катталган дагы бир мурдагы транпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кууп чыкканы айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Калиловдун анын орун басары 500 миң доллар пара менен кармалганын айтып, министрликтин ичи коррупцияга чырмалышып калганын мисалга алган болчу:

«500 миң доллар пара алат деген эмне? Дүйнө жүзүнө уят болдук. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, урматтуу премьер-министр, бул эмне деген кеп? Жамшитбек Калилов мырза, ордуңуздан туруңуз. Мен болгондо, «тергөө бүткөнчө убактылуу бул жакта туруп турайын» деп арыз жазат элем. Жок дегенде «тергөө бүткөнчө четтеп турайын» деп арыз жазбайсыңарбы?! 500 миң доллар тууралуу коомчулукта талкуу болуп жатат. Бул эмне деген пара! Бул боюнча бардыгын жоопко тартыш керек. Баарын… Премьер-министр, министрди убактылуу четтетип тургула. Ал болсо бул жерде Коопсуздук кеңешинде отурат… Бул эмне деген шермендечилик?»

Ал эми мурдагы министр Жамшитбек Калилов анын орун басары ири өлчөмдө пара менен кармалышына анын катышы жок экенин, ал иш анын берген маалыматынын негизинде козголгонун билдирди.

Жамшитбек Калилов ошондуктан кийин ага ишеним көрсөтүлүп, темир жол долбоорлоо мекемесин жетектөөгө келгенин белгиледи:

«Мен министр болуп барганда, ал жакта кандай коррупциялык механизмдер, кандай схемалар бар, анын себептери эмнеде деген негизде министрликтин астында атайын комиссия түзгөнбүз. Ошол комиссия атайын иш планын иштеп чыккан. Анын алкагында көп иштер аткарылды. Анан жанагы конкреттүү факты боюнча айтсам, мен өзүм ошол убакта УКМКга, премьер-министрге «ушул ишти текшерип, аягына чыгарып бергиле» деп маалымат бергем. Ошонун негизинде жанагы иштер аткарылды. Алар кармалып, өз жазасын алды. Сот болду. Алды 12, арты алты жылга кесилди. Анан азыр эми бул ишке мени байлап, чыгарып жатышканы — буюртма менен каралоо».

Коррупциялык кооптуу жагдайларды изилдөө боюнча эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигине эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири катары мүнөздөмө берилген. Анда эл аралык донор уюмдардын насыяларынын эсебинен жол куруу тендерлерин өткөрүүдө чиеленишкен коррупция жана күңүрт схемалар бар экени көрсөтүлгөн.

Булак: Азаттык


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here