1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйө турган болду. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, пенсиянын базалык бөлүгүнө 100 сом кошулганы жатат. Натыйжада 4286 сомдон ашпаган пенсия кеминде 300 сомго көбөйүп, андан жогору өлчөмдөгүсү 360 сомго арбыйт. Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом болот. 689 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө 827 миллион сом талап кылынат. Орточо эсеп менен пенсия 397 сомго көбөйтүлөт. Буга чейин пенсия 2019-жылы орточо 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here