Баткенде пикир келишпестиктен улам 63 жаштагы жаранды бир тууган иниси өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урганынан улам каза болгондугун аныкташкан. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын 46 жаштагы бир тууган иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.  Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.

Бул факты Баткен РИИБинин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми аныкталып кармалган 46 жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here