Кыргыз-кытай алакасы жана Бээжиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктары тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт, Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери Кемел Токтомушев «Азаттык» менен маектешти.

— Кытайдын таасири дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Африкада, керек болсо Европада да өсүп жатканы белгилүү. Ал эми Кыргызстандын Кытай менен мамилесинде кандай өзгөрүүлөр бар? Бээжиндин Кыргызстандагы азыркы экономикалык жана саясий таасирин кандай мүнөздөсөк болот?

— Си Цзиньпиң бийликке келгенден бери Кытайдын тышкы саясатында жаңы бир вектор пайда болду. Ал «Кытай элинин кайра жаралуусу» тууралуу кыялды ишке ашырууга чакырган. Бул концепция социализмдин Кытайга мүнөздүү түрүн алдыга сүрөйт жана эл аралык мамилелерди кайра карап чыгыш керек дегенди билдирет.

Кемел Токтошев.
Кемел Токтошев.

Кытайдын мурдагы лидерлери чоң державалар менен мамилеге көбүрөөк басым жасашкан болсо, Си Цзиньпиң биринчи кезекте коңшу өлкөлөр менен мамилелерге көңүл бурду. Ал Кытайдын «кыялын» «тагдырлаш глобалдык коом» деген идея аркылуу ишке ашырууну сунуш кылган. Бул идея саясий өнөктөштүк, инклюзивдүү өнүгүү, көп тараптуу архитектура жана коопсуздук деген түшүнүктөрдү өзүнө камтыйт. Мындан тышкары «Бир алкак – бир жол» демилгеси да Кытайдын тышкы саясатында коңшу өлкөлөр менен мамилеге же «периферия дипломатиясына» басым жасаларын көрсөткөн маанилүү жана баштапкы сигнал.

Ушундан улам Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн да өнүгүшүн Кытайсыз элестетүү кыйын болот. Акыркы 30 жыл ичинде Кытай Кыргызстандын башкы экономикалык өнөктөшүнө, түз инвестициялардын башкы булагына айланганын көрүп жатабыз. Кытайдын насыясы Бишкектин ЖЭБин модернизациялоо сыяктуу ири мамлекеттик инфратүзүмдүк долбоорлорго да жумшалууда. Албетте, ал каражаттар канчалык натыйжалуу колдонулганы башка маселе.

Учурда Кыргызстандын жалпы тышкы карызынын 1,7 миллиард доллары Кытайдын банкына туура келет. Бул абдан чоң тынчсыздануу жаратып жатат.

— Кытайдын чөлкөмдөгү экономикалык таасири өсүп жатканы талашсыз. Бирок саясий таасири жөнүндө эмнени айта аласыз? Былтыр Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкканы белгилүү. Бээжиндин Кыргызстандагы саясий таасири да өсүп жатабы?

— Кытай бул маселеге кыйла этият мамиле кылып келет. Өлкөнүн жетекчилиги үчүн да Шинжаң талуу маселелердин бири болгонун да моюнга алуу керек. Албетте, Кытайдын экономикалык таасири даана байкалып турат. Бирок Кытай Орусияга салыштырмалуу экинчи пландагы, ачык көрүнбөгөн бир ролду аткарууга аракет кылып келет. Албетте, экономикалык таасири да анык көрүнүп турат.

Ошентсе да Си Цзиньпиң сунуш кылып жаткан жаңы доктринаны эске алсак, Кытайдын саясий таасири да күчөйт деп гана болжолдосок болот. Анын үстүнө «Бир алкак – бир жол» долбоорун ишке киргизүү менен Бээжин дагы жигердүүрөөк аралаша башташы мүмкүн. Жок дегенде бул чөлкөмгө бөлүнө турган инвестицияларын коргош үчүн ушундай аракетке муктаждык жаралышы ыктымал.

— Ошол эле учурда Борбор Азияда Кытайга каршы маанай бар экени белгилүү. Дем алыш күнү эле Казакстандагы митингдерде кытай элчисине каршы ураандар айтылды. Былтыр Нарында Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык компанияга каршы жүздөгөн адамдар митингге чыкканы белгилүү. Кытайдын саясатына каршы чөлкөмдөгү маанай кандай өзгөрүүгө дуушар болууда? Бул маселе Бээжиндин чөлкөм менен алакасына кандай таасирин тийгизүүдө?

— Кытайдын таасиринин өсүшү, анын ичинде экономикадан саясат сыяктуу башка тармактарга жайылышы тынчсыздануу жаратып, каршылыкка себеп болуп жатат. Мындай мамилени чөлкөмдүн ичинен да, тышынан да байкоого болот.

Кытай таасирин канчалык күчөткөн сайын каршылык маанай күч алып баратат. Муну Кыргызстандагы окуялар да айгинелеп турат.

Кытайга байланыштуу бир суроолор талкууланып келет. Кытайдын таасиринин күчөшү карыз маселесине кандай таасирин тийгизет? Жемкорлукту күчөтөбү же азайтабы? Кытайлык долбоорлордун айлана-чөйрөгө таасири кандай болот? Мындай маселелер Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө түрткү берип жатат.

Мындай жагдай Кыргызстанда Солтон-Сарыда гана эмес, логистикалык хаб куруу маселесинде да байкалды. Бирок синофобиянын күчөшү Кыргызстанга же Борбор Азияга гана мүнөздүү эмес. Коронавирус пандемиясы маалында ушундай эле маселени башка өлкөлөрдөн, ошол эле Италиядан, АКШдан да байкадык. Пандемияга чейин эле Латын Америкасынан баштап Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азияда деле Кытайга каршы нааразылык акциялары болгон.

Кыргызстанда да бул маселе конспирологиялык же улутчул көз караштар менен коштолуп келет. Кыргызстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшү тууралуу тема — көп изилденбей келе жаткан маселелердин бири. Биз азыр Оксфорд университети жана Борбор Азия университети менен бирге Кыргызстандын кен тармагында иштеген кытайлык компанияларга байланыштуу чыр-чатактардын чоо-жайын түшүнүүгө, изилдөөгө аракет кылып жатабыз.

— COVID-19 Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы канчалык аялуу экенин көрсөтүп койду. Пандемия Кытай менен мамилеге кандай таасирин тийгизди? Кытайга болгон көз карандылыкты же Бээжиндеги чөлкөмдөгү маанисин күчөтүп койгон жокпу?

— Менимче, бул өзүнчө бир изилдөөнүн темасы болуп бере алат. Пандемиянын башында «WatsApp» аркылуу ар кандай видеолор тараганы белгилүү. Алар Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө түрткү берген. Маалымат каражаттарында жергиликтүү тургундар «коронавирус алып келиши мүмкүн» деген кооптонуудан улам кытайлык жумушчуларга жол оңдоого уруксат бербей жатканы тууралуу кабарлар да чыккан. Айтор, көп суроолор бар.

Эң башкысы — коронавирус пандемиясы Кытайдын флагманы болгон «Бир алкак – бир жол» долбоорунун эң түнөргөн жагын ачыкка чыгарды. Себеби, бул долбоордун өзү «экономикалык пайда алып келет, инфратүзүмдүк байланыштар товарлардын агымын тездетет» деген сыяктуу догма-принциптерге негизделген. «Бул долбоордун алкагында жаңы жолдор, порттор, темир жолдор жана аэропорттор курулат» деп кабарланып келет.

Бирок пандемия бири-бирине жуурулушунун терс жагы бар экенин да көрсөттү. Сөз инфекциялык оорулардын тез жайылышында гана эмес, чек арадагы кылмыштуулуктун көбөйүү коркунучу жана долбоорлордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө жүрүп жатат. Мунун баары бул долбоорлорго тиешеси бар жергиликтүү элдин турмуш-тиричилигине таасирин тийгизиши мүмкүн.

— Кыргызстандын тышкы карызынын 40% көбү Кытайдын Экспорт-импорттук банкына туура келерин айтып өттүк. Кытайдын тышкы иштер министринин Бишкектеги сапарында кыргыз тарап бул карызды төлөө маселесинде Бээжинден кайрадан жеңилдик сурады. Кытайдын мындай өтүнүчкө жообу кандай болушу мүмкүн?

— Азыр так жооп бериш кыйын. Кытай карыздын жүгүн жеңилдетүү боюнча көп тараптуу механизмдерден өзүн оолагыраак кармап келет. Андыктан Бээжиндин реакциясы кандай болорун болжолдоп айтыш кыйын.

Бирок практиканы карасак, ар бир өлкөгө ар башка мамиле жасалат. Ушундай эле маселе Монголияда жаралганда Кытай «своп-линия» [ред: эки өлкөнүн ортосунда белгиленген курс менен валюта алмаштуу тууралуу келишим] сунуш кылды. Бурундинин карызын кечип койду. Кубада карыздын түзүмүн кайра карап чыкты. Ар кыл тастыкталбаган маалыматтар боюнча, Тажикстанда карыз үчүн кендерди иштетүү укугун алган.

Си Цзиньпиң алдыга сүрөп жаткан идеяларды карасак, анда бул маселе достук мамиленин алкагында чечилиши керек. Кыргызстанга жеңилдик болушу зарыл. Бирок эки өлкөнүн ортосунда кандай келишим болорун азыр айтуу кыйын.

Кубат Касымбеков. Булак:Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here