Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Н.Б. Кара-Суу районунда сабалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, ал Кара-Суу районунун Октябрь айылына барган учурда 8 адам «сен башка участкага кирип алдың» деп токмоктошкон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев окуяны тастыктап, бирок аны 8 адам эмес, 3 киши сабаганын айтты.

«10-сентябрь күнү Н.Б. арыз менен кайрылган. 10-сентябрда саат 12:30 чамасында Савай айыл өкмөтүнүн 1980-жылы туулган Н.Б. аттуу тургуну Октябрь айылында бала бакчада иштеген аялын алып кетүү үчүн барганда 3 адамдан токмок жеген. Бул боюнча 266-берене (ээнбаштык) менен иш козголуп, тергөө жүрүп, 3 жарандын бири кармалды. Экөө дайынсыз. Кармалган жаранга сот 1 айга санкция берип, камакта калган. Тергөөнүн жүрүшүндө сабалган жаран Бажы кызматында иштегени маалым болгон. Башка маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт», — деди Аширбаев.

Булак:турмуш.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here