Чүйдүн Ысык-Ата районунда 20 жаштагы жигит атасы менен уруша кетип, өзүнүн кекиртегин кесип салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү саат 21:27де райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинен жаракат алган 20 жаштагы А.Э. аттуу Кегети айылынын тургуну келип түшкөнү кабарланган.

«Анда жигит атасы менен уруша кетип, ашкана бычагы менен өзүнүн кекиртегин кесип салган. Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу Чүй облустук ооруканасында дарыланууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here