Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жаныбек Ашировду кылмышка шектүү катары кармады. Бул тууралуу 14-сентябрда атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК “14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Тергөө жүрүп жатат” деп маалымдады.

Арызданган адам райондук соттун төрагасы андан ишин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылганын айтып берген. Жогорку сот окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

2018-жылы сот жана күч кызматкерлеринин иши Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, президент Сооронбай Жээнбеков “Адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөөдө кылмыш жообунан бошотулган” деп айткан. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here