Кыргызстан Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Бишкектеги жолугушуусунда сөз болду.

«Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарда.

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө, электрондук соода, маалыматтык технологиялар багытындагы жаңы моделдерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Кытай өкмөтүнө гуманитардык жардам көрсөткөнү, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай министри Ван И Бишкекке расмий сапар менен 13-сентябрда келген. Ошол эле күнү ал Кыргызстандын башкы дипломаты Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу өткөргөн. Анда Ван И Кыргызстанга сапарын коронавируска каршы күрөш боюнча кызматташтыкты бекемдөө максаты менен байланыштырган.

Кыргызстандын соңку эсептеги 4 миллиард 106 миллион доллар тышкы карызынын 1 миллиард 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкына туура келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here