Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эки айга камалды. 11-сентябрда Чүй облустук соту ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Каракчылыкка шек саналган 24 жаштагы Аброр Сабиров эки айлык камакты Бишкектеги №1 тергөө абагында өткөрөт.

Ал Бишкектин четинде жайгашкан токтотмодогу каракчылыкка тиешеси бар экени айтылууда. Милиция 7-сентябрда токтотмонун 74 жаштагы кароолчусун байлап, эки машинени айдап качкан адам кармалганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, «Toyota» жана «Honda» үлгүсүндөгү автоунаалар аткезчилик жол менен алынып келгендиктен айып токтотмосуна коюлган болчу. Шектүү кармалган соң машинелер кайра ордуна жеткирилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here