Кочкор районундагы М.Мусулманкулов атындагы искусство мектебинин мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу, көптөгөн күү, обондордун ээси Зайнидин Иманалиев менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жолугуп, эмне себептен комуз өнөрүн тандап калганына, балалык чагына кызыкты.

Зайнидин Иманалиев 1947-жылдын 26-январында Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылында туулган.

Комуз менен достошуу

— Мен төрөлгөн кезде чоң атам Иманалы контр болуп суралып, акталып, жаңыдан фермер болуп иштеп жаткан экен. Атам Сабит болсо мектепте мугалим, директордун орун басары болуп жүргөн киши эле. Ошол учурда контрдун баласы деп, атам мектептен куула баштайт. Чоң атам да колхоздун башкармасы менен мамилеси бузулуп, көл башына көчөт. Атам да кошо көчөт. Анын документтерин мектеп директору: «Көлгө кетсең бербейм» деп, бербей коюптур. Жети-Өгүздүн Оргочор айылына көчүп келип, атам документи жок мугалим боло албай, дүкөнчү болуп иштейт.

1951-жыл. Анда мен төрт жаштагы баламын. Эсимде… Эки бөлмөлүү үйдө турабыз. Бут чечмеси менен үч бөлмө болот. Оозгу үйдө биз жашасак, төркү бөлмө дүкөн болчу. Күндөрдүн биринде кайсыл бир үйдөн комуз көрүп калдым. Ошондон баштап комуз алып бер деп чыр сала баштадым. Оргочордо жашаган Баратбай деген уста бар эле. Ошого бир чара ун берип, комуз чаптырып беришти. Ал кезде бир чара ун абдан баа болчу. Атам Сабит өтө чыгаан болбосо да комузду кыйла жакшы чертчү. Кез-кезде комузду колго алып, ыр менен коштолгон күүнү чертип:
Күрпөң-күрпөң жүгүртүп,
Күлүктү минсең бир кызык.
Ай далыңды кубантып,
Ай, дале оой!!!,
Асылды кийсең ал кызык… деп, созуп ырдап, комузун жүккө жөлөп коёт. Мен деле комузду колго алып, ал ырды ырдап калат элем. Ырдын башка саптары эсимде жок. Менин алгачкы черткен күүм ушул болду. Бирок эмдигиче бул күүнүн атын, кимдики экенин билбейм. Ошентип төрт жашымда комуз менен достоштум. Ошого удаа эле экинчи радиодон ырдалган ырды үйрөнгөнүм эсимде. Казанга көмкөрүп бышкан калама сыяктуу калың картон кагаздан жасалган кара радиобуз бар. Ошондон:
Таң алдында турамын,
Таттуу кабар угамын.
Сталин сүйлөп жаткансыйт,
Коммунизм ураанын… деген 2-3 куплет обондуу ырды комузга салып чертип жүрдүм. Менин балалык күнүмдө комуз кармап чертүүм ушундай башталган.

1
14⇳

Алгачкы өксүк. Эсте калган ый

— Ошол күндөрдүн биринде апам шишик басып ооруп калды. Апам катуу ооруганда Кочкорго көчтүк. Кочкор районундагы Чекилдек айылында жашап калдык. Атам кайра эле соода тармагында дүкөнчү болуп иштейт. Балалык күндөр өтүп жатты. Ошол кезде комузумду уурдатып жибердим. Анда беш жаштагы кезим. Комузумду жоктоп көпкө ыйлаганым эсимде. Бул ый менин эсимде калган биринчи ый болсо керек. Ошол ый, өксүк менин жүрөгүмдө түбөлүк сакталып калды.

Туулган айылым Кара-Күнгөйгө көчүп келдик. Менин эске тутуум абдан жакшы эле. Радио же патефондон уккан күүнү, обондуу ырды эки же үч жолу угуп эске тутуп алам. Ысмайыл деген классташым бар. Анын үйүндө патефону болгондуктан, анын үйүнө барып күү угам. Ал болсо «Патефондун табагын жыртасың» деп, күнүгө эки жолу эле коюп берет. Аны угуп алып, кимдин үйүндө комуз болсо сурап алып, эске тутуп алган күүнү комузга салууга аракеттенем. Патефондон күү угуш үчүн классташымдын атасынын жумуштарын жасап, короосун тазалашкан күндөр болду…

Бир жумалык кубаныч

— Ошондой күндөрдүн биринде Кочкордун борборуна көчүп келдик. Ошол жерде кокустан комуздуу болдум. Көл башындагы Казак деген аяш атам өрүк комуз алып келди. Ошондо бир кубандым. Бул комуз мени бир эле жума кубантты. Бир күнү үйгө Айдар Абдыжапаров деген таякем келип калды. Ал комузду көрүп, чертип көрүп алып кете турган болду. Же атайын комуз үчүн келгенби?

Айдар Абдыжапаров белгилүү комузчу Муса Сейилкан уулунан комуз чертүүнү үйрөнгөн. Мен комузду бербей качтым. Айдар таякем комузду алуу үчүн биздин үйгө конду. Мен болсо комуздан айрылгым келбей, койнума алып кучактап жаттым. Эртең менен турсам койнумдагы комуз да Айдар таякем да жок. Мына ыйлаганды сураба. Же комузумду алып келип беришпейт же мен басылбайм. Өмүрүмдө мындай ыйлаган эместирмин. Айдар таякем жакшы комузга кызыкса керек. Болбосо обон эле черткен киши экен. Таякем алып кеткен комуз мени өмүр бою арманда калтырды. Себеби, «мен көрүнгөн комузу бар үйдөн комуз чертпей, өз комузумдан черткен болсом, канчалык даражада комузчу болот элем» деген ой мени өмүр бою арманга салып келди. Ошондон тартып мектепти бүткөнчө комуздуу болгон жокмун.

Менин ызам

— 1964 -жыл. Коммунизм совхозунда Кызыл-Дөбө деген айылда интернатта 10-класстан окуп калдым. Окуганыма бир ай боло электе райондук кароо-сынак болуп калды. Интернаттан мени катыш деп жиберди. Айылдык клубда даярданабыз. Кыпчак деген клуб башчысы бизди даярдай баштады. Кыпчак өзү комуз чертип, айылдан алдында киши чыгарбай ооздон түшпөй турган чагы экен. Ошол Кыпчак экөөбүз «Чайкаманы» чогуу чертип калдык. Залдагы көрүүчүлөрдүн «тиги бала Кыпчакка караганда жакшы чертет экен» деген сөздү угуп калдым. Кыпчак да угуп, ичи тарып калса керек. Районго жөнөй турган күнү «Бүгүн барбай калдык. Мен билип айтып коём» деп мени кетирип жиберди. Интернатка барсам директор: «Ой, тигилер кетпедиби? Сен эмне кылып жүрөсүң? Артынан бар!» деп кайра жөнөттү. Ошондо ыза болдум. «Эмне мени алдап таштап кетет» деп ойлонуп келе жатсам, жүк ташуучу унаа Кочкорго бараткан экен. Анын үстүнө отуруп, Кочкорго жетип, маданият үйүнө бардым. Барсам кезек Коммунизм совхозунун өнөрпоздоруна жетип, концерт койгону жатыптыр. Кыпчакка жолугуп, «эмне үчүн таштап кеттиңиз?» десем, «ушундай болуп калды» деп мени жактыра бербеди. Эмне кыларды билбей турсам, маданият үйүнүн режиссёру Жыргал Абдыкалыков: «Сен бул жакта эмне жүрөсүң? Түш сахнадан» деп калды. Мен: «Тиги жакта чогуу даярданганбыз. Булар мени таштап кетиптир» дедим. Мага комуз черттирип көрүп, жарайт экенсиң, кошо черте бер деди. Ошентип сахнага Кыпчак экөөбүз чыгып, «Чайкаманы» черте баштадык. Орто жерине келгенде мен атайы ылдам чертип, Кыпчак жетише албай калды. Кыпчак сөгүнүп ордунан туруп кетти. Жыргал Абдыкалыков: «Эмне тең чертпейсиң» деп жемелей баштады. «Бул мени менен тиги жакта чогуу даярданып, ыза кылып калтырып кетти. Мен муну концертте калтырдым» десем, боору эзилгенче күлүп, кайра урушумуш болду. Кыпчак болсо мени көргүсү келбей тескери басты. Ал ошондо 30-40 жаштардагы адам болчу. Андан кийин ал экөөбүз көрүшкөн да жокпуз. Мына ошентип мен ыза болуп, ызамды жеңгем.

Менин дагы бир ызам ыр. Ыр менин түбөлүк ызам болуп калды. Себеби, менде жакшы үн болгон жок. Мен канча обон чыгарганым менен сахнада ырдаган жокмун.

Алгачкы ийгилигим

— Мен комузга 1966-жылы Ленинград шаарында аскер кызматын өтөп жүргөн кезде гана ээ болдум. Аскерге барганда тил билбей кыйналдым. Арга кеткенде комуз салып жибергиле деп үйгө кат жаздым. Салып жиберишти. Кыш. Келгениме үч айча болгон. Катуу суукта казарманын артында Атайдын «Маш ботоюн» чертип аяктап калгам. Бүтөрүм менен «А ну-ка солдат, ещё раз повтори» деген үн чыгып калды. Карасам бөлүмдүн командири менен ротанын командири экөө мени тиктеп турат. Кайра комузду күүлөп Айдаралынын «Көйрөң күүсүн» черттим. Командир: «Молодец!» деп колумдан комузду алып, кызыгып карап, кайра беришти. Экөө кетип баратып, сүйлөшүп баратат. Мага «музыкальный» деген сөзү эле түшүнүктүү болду. Эки күндөн соң мени музыкалык взводго которушту. Ошондон кийин аскер эмес эле, жайма-жай турмуш башталды. Концертке чыгабыз. Эртең менен кетип, кечинде кеч келебиз. Ленинград шаарындагы офицерлер үйүнө чакырат. Ал жакта концерт беребиз. Тандалма аскерлер менен жөнөкөй өнөрпоз жарандар кошулуп, Ленинград округун кыдырып өнөр тартуулайбыз. Мына комуз чертүүгө ушул кезде чындап кириштим. Анда аскердик милдет өтөө үч жыл болчу. 1966-жылдан 1969-жылга чейин аскердик милдет өтөп, үйдү, айылды, элди, жерди сагындым. Ошол мезгилде комуздан башка сырдашым жок болчу. Ушундан баштап комузчулук өнөргө баш койдум деп эсептейм. 1969-жылы Бүткүл Россиялык фестивалдын лауреаты болдум.

Зайнидин Иманалиев аскерден келгенден кийин Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайга кирип, 1973-жылы аяктаган. Ошондон баштап ушул күнгө чейин комуз өнөрүн жаш муундарга үйрөтүп келе жатат. Жаш өспүрүмдөргө комуз чертүү өнөрүн үйрөтүү боюнча китептин автору. Обончу катары 100дөй обон, 3 күү чыгарган. Көптөгөн чет мамлекеттердеги фестивалдарга, гастролдорго барып, комуз өнөрүн тартуулаган.

Окуучулары, шакирттери дүйнө элдерине комуз өнөрүн көрсөтүп, аларды суктандырып келе жатышат. Өзүнүн туулган айылы Кара-Күнгөй маданият үйүнө ысымы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Нарын облусунун ардактуу атуулу» сыяктуу көптөгөн наамдардын ээси. Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы искусство мектебинде комуз боюнча сабак өтөт. Жубайы Кенже Кубатова Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

https://www.turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here