Бүгүн Жумгал районунда ткталган маалымат боюнча, саат 11:30дан тартып Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Натыйжада жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшүп, электр мамычалары жабыркаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жериндеги кырдаалды билүү үчүн райондук ЖК комиссиясы жана Жумгал райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Аталган тилкеге атайын эскертүүчү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here