Ырчы Абидин Темиров шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди:

Урматтуу элим, шайлоочулар! Туулуп өскөн элине кызмат кылуу ар бир эр азаматтын максаты болуу керек. Мен да ушул айылымдан келечек максаттарымды багынтуу үчүн аттанган элем. Билим алдым, өнөр таптадым, искусство тармагына салым коштум, ишкерлик менен ак эмгектин акыбетин көрүп келе жатам. Мына бүгүн сиздердин мүдөөңүздөрдү ишке ашырып, сиздердин үнүңүздөрдү бийик трибуна болгон Жогорку Кеңешке жеткирүүгө бел байладым.

Урматтуу элим, эгер сиздер колдосоңуздар, биз бүгүн аракет жасап айылдык китепканаларды, клубдарды заманбап тартипке келтирбесек маданиятыбыз,билим берүү тармагыбыз да өспөйт! Калыгул атабыз айткандай: “Байлык, бийлик – бул аскадагы муз, күн тийгенде ээрип кетет. Өнөр – өлбөйт- өчпөйт, түбөлүк.

Ошол өнөрдү таптоо, элдин маданиятын көтөрүү үчүн искусстводогу өтө көп көйгөй маселелерди чечүү керек! Мен өнөр адамы катары да акыркы жылдары эмгектенип жаткан иш тажрыйбамды элге жеткирүү үчүн да партиянын катарына аттандым!
Бүгүн көзүбүз жетип, көкүрөгүбүз туюп турган ишти өзүбүз суурулуп чыгып жасабасак, бизге эч ким жасап бербейт!

Мына ошондуктан, ар бириңиздердин балдарыңыздардын келечек жаркын жашоосу үчүн өлкөбүзгө тазалыкты, тартипти орнотуу үчүн салым кошоюн деп алдыңыздарга келип олтурам. Баарыбыз биргеликте максатка жетели!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here