Ошондо «Биримдиктин» жүзү 500 миӊ долларлык коррупцияга шектелген экс-транспорт министр Жамшитбек Калиловдун жүзүндөй болуп калдыбы? Жээнбеков аны береги тасмада жеп жибергиси келгендей урушту эле. Жаза алсын, тереӊ иликтенсин дегендей айтты эле. Көрсө анын баары «показуха» экенин минтип убакыт өзү далилдеп жатпайбы. Чынында Калиов дегениӊер суудан кургак чыкты. Мунуӊар «периште», турбайбы, периште… Анан калса, жоопко тартылмак турсун «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына абдан, абдан «майлуу» кызматка орношуп, Кыргызстан-Кытай темир долбоорун чийип олтурган жеринен, минтип шайлоого шадыраӊдап катышып жатат. Кызматын да өткөргөн жок, кызы талактыткы…

Жээнбеков бул «коррупционерди» көрбөй калдыбы? Же Жамшитбек кургур ажонун акбатасын алып чыктыбы? Деги эл мындай абийири ачылып, элге жек көрүнгөн, анан калса жоопко тартылбай тайралаӊдап жүргөн немени «Биримдик» эмнеге тизмесине кошуп алды? Же ансыз өтпөй калабыз деп коркуштубу?

Же капчыгы калыӊ Калилов «Биримдикке» миллиондорду ыргыттыбы? Айтор, бул бийлик деле эл менен эсептешпей калды… Мынчалыкка барышпаса болот эле, эми эсебиӊерди эл өзү берет….


Калиловго жана ага калкан болгондорго да Кудай бар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here