-Көп жылдардан берки көз алдымдан кетпеген бул укмуштуу окуяны өмүрүм өткүчө эч унута турган эмесмин. Мен ал кезде аскерден жаңы келип өз билгенимди жасап, эч кимди көзгө илбей көөп турган учурум болчу. Бир үй-бүлөнүн эң кичүү баласы болгондуктан, атама жардам бербей үйдө бир айга жакын эркелеп бош жаттым. Күндөрдүн биринде атам бир жактан капа болуп келгенде мени атайын жанына чакырып алып:

-Балам, качанкыга чейин апаң экөөбүз сенин азабыңды тартышыбыз керек, ыя?! Ишенсең, көчөдө элден уялып баса албай калдым. Ичип алсаң эле колуң кычышып мушташкың келип турат окшойт. Эмнеге тигил бечара кемпирдин жалгыз уулун сабайсың? Сен ал кемпирди жөн адам деп ойлобо. Анын ыраматылык абышкасы да тектүү адамдардын тукумунан эле. Эмнеси болсо да кечээ туура эмес иш кылган экенсиң. Эгер менин тилимди алсаң азыр барып жанагы кемпирден кечирим сурап кой, -дегенде мен ого бетер келжендеп:

-Ата, коюңузчу. Ал мастандан эч качан кечирим сурабаймын. Эмне анын абышкасы укмуш олуя болуп кетиптирби.

Шашпасын, азыр барып уулун дагы сабайм,-деп ошол кемпирдин үйүнө жөнөдүм. Барсам короодо жүн тытып отуруптур.

Ал менин ызырынып келатканымды көрдү окшойт, ордунан тура калып колуна таягын кармап:

-Эмил мен сени жакшы бала экен деп жүрсө, көрсө жеткен зөөкүр турбайсыңбы. Эми балам бүтүп мен калдымбы? Эгер мага кол көтөрө турган болсоң, анда сени Кудай өзү эле жазалайт. Мен сага алдын ала эскертип жатам,-деди көзүмө тике карап.

Мындай сөздөрдү укканда ушул чүкөдөй болгон кемпирдин колунан эмне келмек эле,-деп алдыга карай жүткүнгөнүмдө, ал менден жанталашып кетенчиктеп туруп таягы менен тап берди. Өзүмдү карманалбай кетип эңкейе калып жерден таш алганымда үйүнө кире качты.

Артынан кубалап бир бөлмөсүнө кирип барсам килемдин бетинде ак сакалы жайкалган, эмнегедир көз карашы сүрдүү эркек кишинин сүрөтү илинип турган экен.

Кемпирге көңүл бурбай тигил сүрөттү ала калып бырчалап айрып үйүмө кетип калдым. Кемпир болсо артымдан каргап-шилеп кала берди, болгон күчүн ыйдан чыгарып.

Үйгө келсем ата-энем коңшу айылдагы кудабыз каза болуп ошол жакка кеткенге камданып жатышыптыр. Атам мага анча ишенбегендиктен жаныма өзүнүн бир тууган инисинин менден үч жаш кичүү баласын калтырып коюп, апам экөө шашылып жөнөп кетишти. Марлис экөөбүз кечинде малды жайлап коюп тамак ичкенден кийин, түнкү саат 12ге чейин сүйлөшүп отурдук. Акыры экөөбүздүн тең кирпигибиз жабышып уйкубуз келе баштаган учурда гана эс алмай болдук.

Анан мал сарайды бир сыйра карап коюп үйгө келатканыбызда сырткы эшикти бир караан ачкандай болду.

Ошондо жүрөгүм башкача согуп инимдин колунан бекем кармап:

-Марлис сен байкадыңбы, азыр эле үйгө бирөө киргендей болду,-десем айткан сөзүмө көп маани бербей:

-Медер байке, сизге жөн эле ошондой сезилип жатса керек, -деп өзү астыга өтүп кетти.

Сырткы эшикти бекитип жаткан учурда биз жата турган бөлмөнүн ичинен эмнегедир катуу дабыш чыкты. Коркконумдан тизем титиреп эптеп бөлмөгө сүйрөлүп жеткенимде мен жата турган керебеттин аягында башына суусар тебетейди баса кийип, аркасына чепкенди желбегей жамынган абышка малдаш токунуп отурган экен.

Марлис болсо дегеле эч нерсени сезе турган эмес. Буга чейин бир айылдашымдан, «арбак көзгө көрүнгөнү менен эч качан сүйлөбөйт» деп уккан элем. Чын эле анын айтканына ошол учурда ишендим. Анткени баягы абышка эч үндөбөстөн нааразы болгондой теше тиктеп анан мага сөөмөйүн кезегендей болду. Айлам кетип келме келтиргенге чамам жетпегендиктен инимди көздөй басайын десем буттарым кыймылдабай таштай болуп катып калды. Абалымдын аябай оор экендигин сезгенсип абышка ордунан тура калып жаныма басып келип, оң колунун сөөмөйү менен көкүрөккө сайганда көзүмөн от чагыла түшкөнсүдү.

Жаным сыздап ток ургансып денем титирегенде өзүмдү бир аз жоготконсуп чалкамдан кулап түштүм. Абышка сөөмөйү менен ичке катуу сайганда оозумдан ак көбүк атып кетти. Андан соң абышка сыртка чыгып ошол бойдон көздөн кайым болду. Ушул окуядан кийин денем сайгылашып ооруганы аз келгенсип тигил абышка түшүмдөн эч кетпей койгонунан тынчым кетип, анын үйүнө барып кемпири менен уулунан кечирим сураганымдан кийин гана өзүмө келдим.

Көрсө, арбак деле өзүнүн сүрөтүн айрып, үй-бүлөсүнө запкы көрсөткөн адамды ушинтип жазалайт окшойт деп ыйманга келип, бул окуядан кийин көпкөнүмдү биротоло токтоттум.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here