Бул айым депутат болуп жүргөндө социалдык маселеге тиши өтсө да, өтпөсө да өнтөлөп  кыргызча-орусча аралаштырып өкмөттү айда  сындап жүрдү. Айтор, социалдык маселелер боюнча адис болуп көрүнүү жандалбасы жакшы ишке ашты. Себеби, жогорку бийлик аны: “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени  үй чечкенде ” көрөбүз деп, социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр кылып койду эле, койкоңдогон “жеңеңер” анан, вице болгондо  “кокуй күн”  экенин нак көргөздү. Ансыз да тажырайбасы жок, элдин каада-салтын, маданиятын, тарыхын жакшы түшүнбөгөн неме пандемия учурунда элге жардам бербей эле, өзүнүн айласын таба албай куурады. Куураганы курусун дечи.  Анан не болду. Шайлоо жакындады. Капчыгы калың да. Бийликтин “Биримдигине”  шып кирип кетти, жооптуу кызматын жолго таштап. Пандемия учурундагы шалаакылыктарга, жоготууларга, акчаны максатсыз пайдалануу сыяктуу маселелерге да жооп издеген эл  Исмаилова сындуу атка минерлерди жеп жибергиси келип эле араң турат.  Кыскасы, Исмаилова өзүнө мансап гана керек экенин бул ирет анык көрсөттү. Ушундай адамдар эл өкүлү болуп, элди жыргатабы? Тескерисинче кууратат да… “Биримдикте” ушундай татыксыз талапкерлер ого эле көп, ошолордун жүзү курусун…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here