Пакистандын бир нече шаарында балдары менен жолдо бараткан аялды зордуктагандарга катаал жаза талап кылган жарандар нааразылык акциясына чыгышты.

Полициянын маалыматына караганда, 30 жаштагы аял эки баласы менен жолдо баратканда машинесинин майы түгөнүп калган. Ал полицияга чалып, жолдо калганын айткан. Бирок жардам келгиче эле аны эки бейтааныш киши автоунаасынан сүйрөп чыгып, зордуктап кеткен. Пунжаб провинциясынын полиция башчысы кылмышка шектүү эки адам кармалганын билдирди.

Бирок демонстрацияга чыккандар бул ишти иликтеп жаткан тергөөчүнү кызматтан четтетүүнү талап кылышты. Ал түн ортосунда жолго чыккан аялда да күнөө бар экенин айтып, Пакистан Франция сыяктуу эле коопсуз мамлекет экенин кошумчалаган. Анткени кордукка кабылган аял — Франциянын жараны.

Исламабадда нааразылык акциясына чыккандар француз тууларын көтөрүп турушту. Митингдер консервативдүү деп саналган Пешавар шаарында да өттү

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here