Самал аттуу казак аял ар дайым сырткы келбетине ыраазы болуп келген. Албетте, төрөгөндөн кийин ал өзүнө келип, өз күчү менен мурунку калыбына келген. Бирок анын күйөөсү төшүнүн көлөмүнөн кемчилик табып баштаган. Ал аялынын төшүн чоңойтушун каалайт, ал тургай операция үчүн акча төлөөгө даяр. Бул жагдай Самалды коркутуп, ал денесин өзгөрткүсү келбейт.


Самал үч жыл мурун турмушка чыккан. Ал ар дайым сырткы келбетине көңүл буруп келген. Узун бойлуу, сымбаттуу жана келбеттүү кыз эркектерге абдан жакчу. Бирок, көптөгөн суктануучулардын арасынан Канатты тандап алды. Ал ага сулуу гана эмес, келечектүү да сезилген.

«Канат аябай сулуу киши. Ал өзүнө караганды жакшы көрөт. Ал ар дайым тыкан кийинет, атырды дайыма колдонот. Жолдошум курулуш компаниясында жетекчилик кызматты ээлейт жана көп учурда командировкага барат. Биздин катардагы үй-бүлөбүз бар, биз жаш ата-энебиз. Уйлөнгөндөн кийин, мени үйдө отурушумду айтты. мен макул болдум. Көп өтпөй кош бойлуу болуп. аман эсен төрөп алдым. Мен уулумду эки ай гана эмиздим. Жолдошума менин семиргениме жаккан жок, ошондуктан мен диетага отурууга аргасыз болдум. Спорт залга бардым, ал тургай ачкачылыктан, сүтүм тартылып кетти. Үч ай аралыгында бир топ салмактан арылдым, азыр деле диетадамын. Анткени жубайымдын мени менен бактылуу болушу мен үчүн маанилүү.
Бирок акыркы учурда жолдошум көкүрөгүмдүн чоңдугунан кемчилик таба баштады. Азыр биз операция жөнүндө сүйлөшүп жатабыз, бул эми тамаша эмес. Күйөөм канчалык чоӊ болсо, ошончолук жакшы дейт. Төрөт учурунда наркоз менен кесарево операциясын алгам. Эгерде көкүрөгүмдү чоңойтуп алсам, анда дагы бир жолу наркоз алууга туура келет. Анын кесепеттерин алдын-ала айтуу мүмкүн эмес. Ооба, арыктагандан кийин чындыгында көкүрөгүм салбырап кеткен эле.

Азыр казак аялы күйөөсү менен мамилесин жакшыртууга аракет кылып жатат. Ал ага операциядан баш тартуунун себебин түшүндүрүүгө аракет кылат. Аял сүйүктүүсү аны түшүнүп, ден соолугуна тобокел кылууга мажбурлабайт деп үмүттөнөт.

Аида Мусабаева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here