«Манас» аэропортунда четөлкөдөн келе жаткан жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн өткүчө толуп калды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Азиз аттуу окурман маалымдады.


«11-сентябрда саат 05: 00дө бир эле учурда төрт рейс учуп келди: Стамбул, Москва, Дубай жана Екатеринбург шаарларынан. 1000ге жакын жүргүнчү коомдук дистанцияны сактаганга мүмкүнчүлүгү жок эле өтмөктө топтолуп, адамдар бири-биринин үстүнө туруп, залда кондиционер иштебей, айрымдары демигип башташты. Ошол учурда үч гана чек арачы болгон, 40 мүнөттөн кийин гана жардам жөнөтүлгөн, айласы кеткен адамдар паспортту көзөмөлдөөчү кошумча зал ачабыз деп кыйкыра башташты.

Аэропорттун жетекчилиги өтмөктү алдын-ала даярдай албай койдубу? Эмне үчүн аэропортто мындай башаламандык болуп жатат? Алардын арасында коронавируска чалдыккандар барбы? » — деп жазган окурман.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here