Мен өзүм Нарын облусунун Жумгал районунда өсүп-чоңойдум. Бала чагымдан эле Ош мен үчүн өтө эле алыстай сезилчү. Анткени, улуулар Ош жөнүндө сүйлөшүп калса, сөзсүз түрдө  «…жердин түбү» калчу. Айрыкча кимдир бирөөнүн кызы турмушка чыккан учурда аябай өкүнүч менен айтышчу, оштукка турмушка чыгыптыр деп. Кандай гана кептер айтылбасын, “сарттар…сатып кетет…куу болушат… бардыгы өзбөк болуп кетишкен…ошьям…оштун кызын ала көрбө, шоруң катат… Ошко кыз бере көрбө, шору катат…” жана көптөгөн ушул сыяктуу сөздөр. Чоңойгончо оштуктар тууралуу эч бир жакшы сөз уккан эмесмин. Баса, мен үчүн жана көп эле нарындыктар, Чүйлүктөр, Ыссык-Көлдүктөр үчүн Ош менен Жалал-Абад жана Баткендин эч кандай өзгөчөлүгү деле жок болчу. Төө-Ашуудан наркы жагы баары сарт, ушундай эле болчу. Токтогулдуктар силер сүйүнбөй эле койгула, анчалык. Силерделе көпчүлүк үчүн Төө-Ашуунун нары жагы бардыгы эле сарт. А баса, ушул убакытка чейин сарттар ким экенин өзүм деле жакшы биле элекмин.

Мектепти аяктап, окуу жайга келгенде биринчи жолу оштук балдар-кыздарды жолуктурдум. Биринчиден алардын сөзү, сүйлөө речи, бул менден айырмаланган жалгыз нерсе болчу. Жогоруда айтылган,  эл арасында калыптанып калган нерселердин биринда байкай алган жокмун. Бирок ушул убакытка чейинки кулагыма сиңип калган негативдүү айтылган ойлор, антсе да алар туурасында өзүмдүн жеке оюм бар болчу, ошентсе да баарибир алардан алчактап жүрдүм. Ошентип отуруп студенттик күндөр да өттү. Жумушка орноштум. Арада Ош, Жалал- Абадга, Баткен жерлерине эки-үч күндүк иш сапарга барып калдым. Эми баары жакшы, бардык жерде урмат-сый көрсөтүп, күлүп-жайнап тосуп алат. Бирок! Көңүлүмдү иренжиткени, дайыма бир нерсени айла-амалды издеп, тажап, менин алардын сүйлөгөнүн түшүнбөгөнүм да анан бир жумадан ашык чыдай албай, өзүм жакка, өзүмдүкүлөргө “Бишкекке” кеткиң келет.

Кийинчээрек “түштүктүк” Жалал-Абаддан досум пайда болду, ал менин жөн эле досум эмес мен үчүн эң жакын дос, байке, тирөөчүм, үмүт жана коргоочума айланган адам. Мага көп жылар бою оштуктар туурасындагы ачыткы ойлорумда, түштүктүк досум алардай эмес, сарттардай касиети жок болгонун айтпайм, ал көп жактан мага караганда мыкты.  Ал эрктүү жигит, менден көрө айткан сөзүндө ар дайым турган, кылык-жоругу, манералары чыныгы жигит экенин көрсөтүп турат. Өзүмчө оштук бала тентек эмес эле, мен андан өткөн тентек болом кээде. Эмнегедир  ички  туюмум менен дал келбей жаты. Ал оштук болгону менен Бишкекте өсүп-чоңойдуда, ошон үчүн алардай эмес, бекеринен айтышпайтда сарт, оштуктар кез келген учурда сатып кетет деп өзүмдү өзүм актап коем.  Өзүмдүн катамды мойнума алгым келген жок. Албетте, бул сенин жеке ой-пикирин, мындайды жар салып айта албайсын, андай боло турган боло атын чыкпайт, трайбализмдикке айыптайт.

Мындан бир канча жыл мурун, жумуш боюнча ошто төрөлүп, ошто өскөн, ошто иштеген адам менен жолугуп калдым. Жумуштун аркасында мамилебиз жарашып, досттошуп да кеттик. Ал интелегентүү, сабаттуу да сүйлөйт, ал мага караганда бир топ эле акылдуу ыйолкиники десе, ал кыргыз үчүн күйүп, бир эле Ош үчүн эмес Кыргызстандын толук кандуу өсүп-өнүгүшү үчүн өтө эле көп нерселерди жасады.

Эми кунт коюп уккула. Акыркы учурларда аркандай жагдайларга байланыштуу Ошко тынбай каттап, жашап да калдым. Азыр Ош шаарын укмуш жакшы көрөм. Мыкты, жайлуу калаа. Ошту түшүнүп, билүү үчүн анын аурасын, өзгөчө атмосферасын сезүү керек, Оштун уникалдуулун, буга бир жумада келип-кетүү жетишсиз, жетпейт такыр. А Көрсө, ушул жерден жашап көрүү керек тура. Ош улуттук тамактардын чордону.  Бул жердин тамактары болуп көрбөгөндөй даамдуу, ар түркүн, калорияга бай жана эң башкысы Бишкекке караганда алда канча арзан.  Ош- бул эмгекчил, мээнеткеч, меймандос, эли жөнөкөй келген, өз дүйнө таанымы менен, жашоого жаңы өңүттөн караган, таптакыр башка  философиянын агымындагы тариптүү адамдар.

Ош – бул тыгындын узактыгы 3 мүнөт, шаардын бул бурчунан тигил бурчуна жетүү 50-70 сом эле. Ош – бул шаардан кечкисин  Ак-Буура дарыясынан жеңил,  таза, салкын шамал уруп турганы. Ош- бул чоң самы, даамдуу лагман, 100 сомго тоок эти, бардык жерде жүзүндө жылмаю, колун жүрөгүнө коюуп “ака чай ичебиз” эми азыр болсо “ака чын эле, реально эле отуруп чай ичели” деген инсандар.  Ош –бул супермаркет болобу, кафе болобу анда конок болсо, кечигип жабат, эрте болсо таң заарда келип ачат анткени конокту сыйлоо деген болот. Ош – бул  экинчи линиядагы жол башкыга алмашат анткени, жанакы алаканын жүрөгүнө койгон келип кет деген. Ошто азыр караңгы көчө таба албайсын, бардык көчөлөргө жарык орнотулган, жарык, таза, тазалап кеткенде эмес, таңкы 5те элдер короолорду тазалоо менен күндү тосушат. Ош – бул иштетилбей жаткан жерлер. Ош – бул анар, айва, көчө бойлой жийде, шабдаалынын түрү жана башка дагы. Ош- бул кулактандырууда кондиценери менен батирлер ижарага берилет дегени, чындыгында батирде шамалдаткыч ( вентилятор). Ош бул пловтун көптүгү, өтө эле көп….

Жалпылап айтканда, түндүк-түштүк деп бөлүнгөн куру, болбогон түшүнүк.  Чыныгы жашоодо андай бөлүнүү жок. Оштуктар жөнүндө айткан нерселер… стереотиптер …

Бул жерде жазганымдын баары эмоциянын күчү менен жазган адам билдирүүсү эмес, тек 40 жашка чамалап калганда гана бул нерсенин чындык экенин билип эмоция менен жазганым. Эми көптөгөн  талкуу жаралып, шек санаткан тамашалар болоору талашсыз. Бирок, 40 жыл ичинде мени бир да жолу оштук “сатып” кеткен жок. Эми качан мени сатып кетет болду экен деген шек менен дагы 40 жыл күтүшүм керекби? Мына ошондуктан, мен баскан жолду силер кайталабагыла. Түндүктө канчалык жакшы адамдар болсо, түштүктө мыкты адамдар ошончо. Түштүк, түндүк деген нерсе  жок, бир гана көп улутту, маданияты, каада-салты менен өзгөчөлөнгөн өлкө болот. Оштук, Жалал-Абад менен Баткендиктерден үйрөнө турчу нерсе ошол эле Чүйлүк, Талас,Нарындыктан ала турчу нерселер бар. Мен керемет өлкөдө, керемет адамдар менен жашаймын, бирок саясатчылары пок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here