Япониялык футболчу кыз Юки Нагасато келерки сезондон тарта эркектер лигасында ойнойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, футболчу айым буга чейин АКШдагы кыз-келиндердин «Чикаго Ред Старз» клубунда ойногон. Футболдук сезондогу тыныгуу убагында команда оюнчусуна эркектер лигасында ойноого уруксат берген.

Белгилей кетсек, 33 жаштагы Юки Нагасато 2011-жылы Япониянын кыз-келиндер курама командасы менен дүйнө чемпионатында уткан. Улуттук команда менен 2015-жылы дүйнө чемпионатынын, 2012-жылы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине татыган.

«Японияда мындай чечим, тактап айтканда футболчу айымдын эркектер лигасында ойногону биринчи жолу чыгып жатат. Юки Нагасато эми япониялык «Хаябуса Элевен» командасында ойномокчу. Анын мындай кадамы тарыхта калат«, — деп жазылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here