Ош шаарында кыз талашып 24 жаштагы жигитти сабаган балдардын экөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-сентябрь күнү социалдык түйүндөрдө Ош шаарында драма театрдын алдындагы белгисиз адамдардын мушташы тартылган видео жарыяланган. Кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан бул окуяга тиешеси бар 6 жигиттин ичинен төртөө кармалып, камакка алынган.

Азыр 2 адамга издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 6 жигит сабалган жигитти шаар четине унаа менен алып барышып, 4500 сом акчасын, кийимдерин тоноп алганы белгилүү болду. Жабырлануучуну урган балдар мас абалда болушкан. Бул кылмышка шектүү катары кармалган 4 бала 1996-1997-жылы туулган жигиттер. Ош шаарында жашашат. Бул жигиттердин ортосундагы чатак кыз талашуудан улам келип чыккан.

Окуя тууралуу:

Кечээ Ош ШИИБ Ош шаарында курсташ баласын сабаган жигиттердин өздүгү аныкталганын кабарлаган.

Буга чейин Тима Умарав аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн жеке баракчасына белгисиз 5-6 жигит анын Нургазы аттуу инисин сабап, жылаңачтап тоноп кеткенин жазып чыккан. Окуя 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдын алдында болгон.

«Ош шаарында биздин инибиз Нургазыны 5-6 бала белгисиз себептер менен ур-тепкиге алган. Унаасына салып Южный каналга алып барып, өлтүрөбүз деп коркутуп, бут кийимдерин чечип, жыңалач кылып акчасын тоноп, таштап кетишкен. Окуя Ош шаарындагы драм театрдын жанында 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 24:00 чамасында болгон. Ушул окуяны көргөн, күбө болгон адамдар болсо зөөкүр балдарды таап, жазасын берүүгө жардам сурайбыз», — деп жазган Умаров.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы аны сабаган балдардын өздүгү аныкталганын кабарлаган.

«Ош ШИИБге 10-сентябрь күнү саат 17:25 чамасында ооруканадан 1996-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран Ош шаарынын Ленин көчөсүндө сабалганы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуну өзүнүн курсташ балдары сабаганы аныкталып, 6 баланын өздүгү такталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул балдар Чоң-Алай районунун, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары болгон», — деп айтылган маалыматта.

Турмуш кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here