Өзбекстандын Андижан шаарында жашаган Шүкүржон менен Насибахон Кадирохуновдордун үй-бүлөсүндө он биринчи баласы жарыкка келди. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 40 жаштагы Насибахон менен 3,9 кг салмак менен төрөлгөн кызынын абалы жакшы. Өзү дагы көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Ал 8 бир туугандын бешинчиси (7 кыз, 1 уул).

«Мен 21 жашымда турмушка чыктым. Биринчи балабыз 22 жашымда төрөлүп, Шукрон деп атадык. Азыр ал 18 жашта. Учурда 8 кыз, 3 уулубуз бар», — деди Насибахон.

Балдарына жолдошунун ысымынын башы болгон «Ш» тамгасы менен башталган ысымдарды ыйгарышкан.

— Шукрон;

— Шункорбек;

— Шохидбек;

— Шукуфа;

— Шукура;

— Шонисо;

— Шахина;

— Шавкия;

— Шайхулло;

— Шамсинур;

— Шодийона (жаңы төрөлдү).

Насибахондун айтымында, жаңы таанышкан адамдар ал 11 баланын апасы экенине ишене беришпейт. Муну келбети жаш көрүнгөнү менен байланыштырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here