2010-жылдагы революциядан Убактылуу өкмөт жоктон тапкансып Кеңешбек Дүйшөбаев деген немени УКМКнын башын алып келишкен. Ал эки жылга жакын УКМКнын башына тажрыйбасы жок болсо да, чалмакейди чалып, каалашынча башкарды Натыйжда УКМКнын мурункудан да кадыры кетти, эч кандай реформа жасалган жок. Бирок коомчулук, айрыкча ЖМКлар Дүйшөбаевдин УКМКдан кеткенден кийин жомоктой байып кеткенин, ага тиешелүү сан жеткис баалуу мүлктөрдүн сүрөттөрүн, видеолорун байма-бай чыгарышкан. Бирок бийлик аны эч кандай жоопко тарткан жок. Андан бери 7-8 жыл өттү. Дүйшөбаев жазага тартылган жок. Таза иштеп, укмуш эмгек кылгансып, күпүлдөп жүрөт.  Акыркы жылдары иниси Канат Исаевдин этегине эрмешип, экөө «Сарбагыштар коомуна» таасирин арттыруу аракетин көрүп жүрүшкөнү боюнча да көп маалыматтар чыккан. Бирок «Сарбагыш коому», аштан көчтөн калган Дүйшөбаевди “чүкөңдү алыс ойно” деп коюшат. Анткени, анын кадыры эчак какшып калганы ырас. Ал эми Кеңешбек аксакал учурда парламентке ат салышып жаткан “Кыргызстан” партиясынын штабын башкарып күпүлдөп жүрөт. Бул партияга чынында таза эмес,  далай чулгандуу иштердин автору болгондор топтолгон. Ошолордун «атаманы» бүгүн  Дүйшөбаев болуп жаткандан кийин иштин бүткөнү да. «Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын» демекчи, бул партиянын ишенген идеологу ушул кургур болсо, анда чынында бул партиянын абалы чатак экен. Демек, “Кыргызстан” мындай «таптаза» адамдар менен алыска кете албайт. Эл деле булардын чыныгы жүзүн көрүп жатпайбы…

Булак: Багыт.кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here