—  Россиянын Москва шаарындагы соода борбордун жанында аял киши адам колдуу болуп көз жумду. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, окуя 10-сентябрда саат таңкы 5:30 чамасында болгон.

Эркек киши аялды сабап жатканын көргөн күбөлөр полиция кызматын чакырышкан. Бирок алар жеткен учурда бычактан бир нече жолу жаракат алган аял көз жумган. Шектүү кармалып, ал кызганычтан улам 29 жаштагы аялын бычактаганын мойнуна алган.

Айрым маалыматтар боюнча, шектүү менен көз жумган аялы Өзбекстандын жарандары болуп эсептелет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү! Сезимтал адамдарга видеону көрүү сунушталбайт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here