Пайдалуу кеңеш рубрикабыздын алкагында айрандын пайда жана зыян жактарын айтмакчыбыз.

Уктаарда айран ичүүнүн пайдасы жана зыяны

Айранды узак жашоочулардын тамагы деп коюшат. Кычкыл сүт азыгы – илимий тастыкталган факт. Бирок, айранды кечкисин ичүү боюнча ойлор ар кандай болуп кетет. Кечки тамактын ордуна майы азыраак айран ичип алсаңыз тынч уктайсыз жана өзүңүздү жеңил сезип каласыз.

Пайдалуу жактары:

Азык сүттөн жасалат. Анын пайдасы курамындагы минералдарда:

-Малдын майы – булчуңдарга күч берет;

-А витамини терини жана чачтын курамын жакшыртат;

-С жана В витаминдери иммунитетти көтөрүп, ишке болгон жөндөмдүүлүктү арттырат.

Тирүү бактериялар-пробиотиктер ичегинин микрофлорасын жакшыртат.  Ошондуктан айранды такай ичүү менен ичегиңиздин иштешин нормалдаштыра аласыз. Ич катуу, ич өтүүну жоёт. Айрандагы пайдалуу бактериялар башка ооруну чакыруучу зыяндуу бактерияларды жок кылат.

Диетологдор майы аз пайыздуу айранды уктаарга чукул ичүүнү сунушташат. Анткени андагы витаминдер менен минералдар түнкүсүн жакшы сиңет. Доктурлар анын нервди жөнгө салуучу касиетин айтышат. Уктаарда 1 стакан ичип алуу менен өзүңүздү жеңил сезип, тынч уктайсыз.  Сиздин организм эс алып жаткан чакта, айрандагы пробиотиктер ички микрофлораны калыбына келтирип, эртең менен ичегиңиз жеңилдейт. Бактериялар ашказандагы былжырдын ишин жөнгө салат. Сиз ойгонгондо табитиңиз ачылат.

Зыяны:

Кээ бирлерге терс таасирин да тийгизиши мүмкүн. Себеби, көп ичип алуу же болбосо сүт азыктарына реакция берүү.

-Эртең менен баш ооруйт, чарчайт;

-Ич көөп кетиши мүмкүн;

-Ашыкча шлактарды айдагандыктан, тункүсун заара ушатууга көп чыгып калуу.

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен айран ичти алат. Ошондуктан айранды ашыкча ичпеш керек.

Айранды  кечкисин 1 жашка чыга элек балдарга берүүгө болбойт. Себеби, наристелер белокту сиңире албайт. Анын үстүнө жаш балдарга айранды кечкисин берүү анемияга алып келет.

Бөйрөгү ооругандарга да болбойт. Ал ооруган органды кайра алсыздандырат.

Ашказанында жарасы барларга да зыян;

Ичи каткандар да болушунча мөөнөтү өтө элек айранды ичкени оң. Себеби, мөөнөтү өткөн айран тескерисинче ичти катытат.

Уктаарда ичүүнүн эрежеси:

Ден соолугу жакшы адамдар күн сайын айранды уктаарда ичсе болот;

Майлуулугу ар бир адамдын өзүнө жараша. Порция  — 200-250 мл стакан. Ичээрден мурда бөлмө температурасындагыдай жылытып алышыңыз керек.

3,2% айран коюу жана калориясы эки эсе жогору болот.

2,5 %дуу айранды диетологдор эң мыкты деп эсептешет. Мындагы калория пайдалуу компоненттин баарын камтыйт. Майы кальцийдин организмге сиңишине жардам берет.

Эгерде сиз арыктагыңыз келип жатса, 1%дуу айрандан жатаарда 1 стакан ичип койсоңуз жетиштүү болот.

Айран менен рецепттер:

Көк чөптөрдү кошуп ичсе болот. Мисалы укроп же петрушканы майдалап кошуп ичиңиз.

Мөмөлөрдү жана жемиштерди кошсо  болот.

Кош бойлууларга

Доктурлар кош бойлуу айымдар күнүмдүк рационго айранды кошууну көп айтышат. Себеби, андагы витеминдер менен минералдар курсактагы баланын нерв системасынын жана тамак сиңирүү системасынын, скелетинин туура өсүүсүнө шарт түзөт.

Зарнаны жана көңүл айнууну жоёт.

Кош бойлуу кездеги ич катууну жөнгө салат;

Тирүү бактериялар организмге күч берип, вируска каршы турат.

Арыктоо үчүн:

Айран салмакты азайтууда диетада колдонулат. Андагы белок ачка болуу сезимин жоёт. Уктаарда 1 стакан айран ичип алсаңыз, ток кармайт, зыяндуу таттууларды жебейсиз;

Адистердин айтымында арыктагысы келген адам уктаарга 4-5 саат калганда тамак жеп, жатаарга 1 саат калганда айран ичип алса эң жакшы натыйжа берет. Бирок, майлуулугу 1-2,5%дуу айран жакшы.

Эгер эртерээк калыбыма келем десеңиз, анда майды күйгүзгөн ачууларды кошуп ичиңиз:

1%дуу кефирге, жарым кашык майдаланган имбирь, жарым кашык майдаланган корица жана бир чымчым кызыл ачуу калемпирди кошуп ичиңиз. Жыйынтык 10 күндө билинет. 

                                                                    Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here