«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров акыры кыргыз элине, Кыргызстанга жасаган чыккынчылык иштери үчүн калың элдин бетин карай албай кала турган өңдөнүп калды. Сүйлөсө тим эле кыргыздын бир карыш жерин да өзгөлөргө алдырбай тургандай болуп сайрачу Адахан мырза К. Бакиевдин доорунда кыргыздын кереметтүү жери Каркыранын казактарга кетишин парламент төрагасы болуп туруп камыздап бергенин коомчулук билет.
Ал эми Баткендеги 275 метр кыргыздын жерин тажиктердики деп тааныган протоколго 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары кол койгон экен. Анын натыйжасында чек ара чыры азыркыга чейин токтобой, маал-маалы менен болуп келатат.
Бирок, кечеги айтканын бүгүн тана берген Мадумаров бул чыккынчылык иштери үчүн жалпы кыргызстандыктардан кечирим сурай элек. Бирок, анын кечирим сурай турган, жоопкерчилигин тарта турган убагы жакындап келаткан сыяктуу. Себеби, элибизге белгилүү аттуу-баштуу саясатчылар да бул жерлердин сатылып кетишине Мадумаровду айыптай башташты.
Мисалы, экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу бул тууралуу мындай дейт: «Казакстанга Каркыра жана 3 жерибиз өтүп кетип, Азимбек Бекназаров досум айткандай Кыргызстандын территориясында, Ысык-Көл облусунда азыр 4 анклав бар. Казакстандын жери болуп калды анын баары. Ким кол койгон, ким күнөөлүү ага? Турсунбай Бакир уулунун ал жакта ысымы жок. Баткен облусунан Тажикстанга берилген жерлерде Турсунбай Бакир уулунун колу турабы?».
Турсунбай Бакир уулу эми дагы бир топ жашыруун сырларды ачыкташы мүмкүн. Күтө туралычы.

Турсунбай Бакир уулу: Кыргыздын жерлери сатылган документте Мадумаровдун колу бакырайып коюлуп турат

Турсунбай Бакир уулу: Кыргыздын жерлери сатылган документте Мадумаровдун колу бакырайып коюлуп турат

Опубликовано Акыйкат Четверг, 10 сентября 2020 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here