Өткөн аптада Чечен Республикасынын Президенти Рамзан Кадыров 21 жаштагы кызы Айшат Кадырованы Маданият министринин орун басары кылып дайындаган. Ал туурасында Президент өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялаган. Айшат Кадырова да Инстаграмдын активдүү колдонуучусу болгондуктан, өзүнүн катталуучуларына: “Достор, баардыгыңардын мага карата айтылган куттуктоолоруңарга рахмат. Мен үчүн жаңы кызматым – абдан чоң сыймык жана өтө чоң жоопкерчилик. Мен такай чоң атамдын айткан сөзүн кайталап келем: Маданиятсыз улут болбойт. Атам дагы: Маданиятты жаратуу менен улутту жаратабыз” – деп айтып келет. Сиздер билесиздер, мен республикабызды сатып кетпейм.” – деген билдирүүсүн жазып ишин баштады. Элдин кызыгуусун арттырган Рамзан Кадыровдун кызы туурасында кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк.

Куранды жатка билген хафиза

Айшат Кадырова 1998-жылдын 31-декабрында жарык дүйнөгө келген. Модельер, Firdaws мода үйүнүн жетекчиси. Рамзан Кадыровдун тун кызы. Айзаттын 11 ини-сиңдилери бар. Атасынын татыктуу тарбиясында чоңойгон тартиптүү кыз. Кадыровдун балдарынын баары спортзал, бий ийримдерине катышып, мектепти калтырышпайт. Айшат 6-класска чейин кадимки мектепте окуган. Андан кийин 2 жылдай үйдөн окууга өткөн. Кичинесинен эле күнүнө 9 сааттан Куран китебин окуп, сүрөөлөрдү жаттаган. Жыйынтыгында хафиза болду. (Ыйык Куранды жатка билет). Андан сырткары араб тилин үйрөнгөн. «Курандын акыркы сүрөөсүн жаттап бүтүп ата-энеме айтканымда, алардын көздөрүнөн жаш куюлганы эсимен кетпейт деп эскерет. Араб тилин үйрөнүп, Куранды жаттап бүтүп, кайрадан мектепке келип окуй баштаган.

Мода бизнесине болгон кадамдары…

2016-жылы Чечен мамлекеттик университетинин экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырат. Аны менен бирге апасы  Медни Кадырова ачкан Firdaws (Firdaws  — бейиш бакчасы деп которулат) мода үйүнүн иштери менен алек болот. Апасы жана мугалим менен көйнөктөрдүн эскизин чийүү, сүрөтүн тартуу менен алек болуп жыйынтыгында 2016-жылы Айшат өзүнүн жеке кийимдер топтомун (коллекция) чыгарат. Айшат негизинен күңүрт өңдөргө басым жасайт. Бирок ошол эле убакта кийимдер топтомунда күлгүн, ак жана көгүш түстөр да көп кездешет. Тиккен көйнөктөрүн сөзсүз түрдө улуттук кийимге окшоштурат. Торлорду, оймосу бар боолорду, Swarovskiнин стразаларын, баалуу таштарды колдонуу менен мыкты көйнөктөрдү тигет. Кээ бир көйнөккө бир нече ай кетет дейт Айшат. Айшат Париждеги ательелерге кардар катары көп барат. Анын гардеробунда Elie Saab Haute Couture жана Valentinoнун көйнөктөрү бар.

Ал багынткан ийгиликтер…

2017-жылы Грозныйда чечендердин улуттук мотивин чагылдырган кийимдер топтомун чыгарган. Анын бетачарына италиялык модельер Стефано Риччи үй-бүлөсү менен, Каролина Груози-Шойфеле, Яна Рудковская, Евгений Плющенко, Светлана Бондарчук, Татьяна Навка, Тимати, Ольга Бузова жана башка атактуулар келишкен. Андан кийин Москвадагы Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгында кийимдер топтомун көрсөткөн. Ошол эле жылдын октябрында «Тоо бермети» («Горная жемчужина») аттуу топтомун Москванын Зарядье паркындагы көргөзмөгө алып барган. Ал топтому декабрь айында «Mercedes-Benz Fashion Week көргөзмөсүндөгү эң мыкты көргөзүү» наамына татыган.  Мода үйүнөн сырткары Айшат Paris кодитердик дүкөндөр тармагынын ээси.

Жеке жашоосу

2017-жылдын башында турмушка чыккан. Жолдошу өзүнөн 1 жашка улуу, атасынын маркум досунун баласы экени белгилүү. Үйлөнөргө  2 жума калганда таанышышкан. Рамзан Кадыровдун кызы жана күйөө баласы анын резиденциясынан өтө алыс эмес жерде өздөрүнүн үйүндө жашашат.

Саякаттаганды сүйгөн селки

Айшат чет жакка чыкканды абдан жакшы көрөт. Cүйгөн шаарлары Мекке, Медина жана Париж. Кондитердик дүкөнүн да бекеринен Париж атабаганы эми түшүнүктүү болсо керек. музыканы жакшы көрөт, чет элдик да, улуттук да ырларды маанайына жараша угат. Спорт менен машыгат, чуркайт жана сууда сүзөт.  

                        Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here