Эне болуу бактысына ээ болгондон кийин турмушу бузулган бул каарманыбыздын кейиштүү тагдыры тууралуу  баянды башкаларга сабак болушу үчүн жарычламакчыбыз. “Убакыттын өтүшү менен күйөөмдөн биротоло үмүтүмдү үздүм”-деп ыйламсыраган Кундуз айым бизге буларды айтып берди.

—Бир кездеги бактылуу жашоомду эстегенде кээде өз жанымды кыйгым келип кетет. Эмесе кеп башынан болсун. Мындан беш жыл мурун турмушка чыккам. Бекзат экөөбүз жогорку окуу жайында бир группада  чогуу окугандыктан бири-бирибиздин сырыбызды жакшы эле билчүбүз. Андыктан биздин үй-бүлөлүк турмушубуз өз нугунда өтүп жатты. Тун балабыз төрөлгөндө ал аябай кубанып:

—Алтыным, сен мени уулдуу кылып абдан чоң кубаныч тартууладың. Бул жашоодо бир гана сен деп жашайм. Мен сени башкага  эч качан алмаштырбайм,-дегенде мен бул сөздөргө анча ишенбей:

—Койчу… Кантип эле? Балким, менден сулуу бирөөгө азгырылып кетээрсиң-дедим болгонун ачык айтып.

Жолдошумдун ошол замат көңүлү чөгүп:

—Бул эмне дегениң? Демек, сен мага ишенбейт экенсиң да…-деп таарынгандай түр көрсөтүп үйдөн чыгып кетти.

Артынан удаа чыгып каякка барарын сурасам эч жооп бербеди… Качан гана кеч  киргенде темтеңдеп мас болуп келди. Бул үчүн экөөбүз бир топко чейин кайым айтыштык. Ал жасаган тамагымды ичпей тултуңдап коркутуп төркү бөлмөгө кирип уктап калды.  Ошол бойдон ойгонбоду… Үйдөгү иштер менен алек болуп жатып катуу чарчаган экем. Өзүбүздүн бөлмөгө барып баламды кучактап жатып кантип көзүм илинип кеткенин сезбей калыптырмын. Бир маалда күйөөм уктап жаткан бөлмөдөн телефону шыңгырап калды. Ордумдан атып туруп бөлмөгө кирип барсам ал дагы эле уктап жатыптыр. Эч ойгоно турган эмес… Телефонун карасам жакын курбум Акжолтой чалып жатыптыр. Кыжырым келип трубканы албай койдум. Күйөөмө билгизбей телефонду алып кайра берки бөлмөгө келдим.  Ошол маалда балам ойгонуп кетип ыйлаганынан аны эмизип бир аз алаксып калдым.  Балам уктагандан кийин телефонду карасам курбумдан: “Бекзат, мен сени чыдамсыздык менен күтпөдүмбү. Бүгүн эмнеге келбей койдуң? Эртең сөзсүз келчи. Менин боюмда бар экен”-деген СМС-билдирүү келген экен. “Душманды алыстан издебе…” деп туура эле айтылыптыр. Учурунда курбумдун мага ушинтип кыянаттык кыларын билсем күйөөм менен тааныштырбайт элем. Таң аткыча көзүмдүн жашы кургабады. Эртең менен күйөөмдөн курбум экөөнүн  ортосундагы мамиле тууралуу айтсам такыр моюнуна албай:

—Мунун баары жалган! Андай болушу мүмкүн эмес…-деп сөзүнүн аягына чыкпастан жумушуна шашылып жөнөп кетти.

Жүрөгүм эмнегедир бир жамандыкты сезгенсип башкача боло баштадым. “Бул чын эле мени чанып Акжолтойго кетип калабы?”- деп  ичимден кобуранып жибердим. Анан курбума иштин чоо-жайын билиш үчүн ага телефон чалып:

—Бекзаттан боюңда барбы?-дедим тынчым кетип.

—Ооба. Мен аны сүйүп калгандыктан баарына кайыл болдум. Сен мени туура түшүн… Ар бир адам бактылуу болууну каалайт эмеспи,-деди үшкүрүнүп.

—Сен эмне бирөөнүн көз жашынан бакыт кургуң келип жатабы,ыя?! -деп буркурап ыйлап жиберсем трубканы басып таштады.

Телефонун өчүрүп салганда аябай ыза болдум. Күйөөм жумушуна кеткен боюнча келбеди… Аны күтүп жатып арадан бир жума өттү. Телефон чалып байланыша албай айлам кетти. Акырында тажаганда иштеген жерине издеп барсам ал жактан бошоп кетиптир. Курбумдун жашаган квартирасына барып таппай койдум. Көрсө, күйөөм экөө башка квартирага көчүп кетишкен экен. Ошентип, убакыттын өтүшү менен күйөөмдөн биротоло үмүтүмдү үздүм.   Уулум болсо айылда ата-энемдердин колунда тарбияланып жатат. А, мен өзүмдүн жакын курбума күйөөмдү  минтип тарттырып жиберип азаптуу жашоону башымдан кечирип жатам. Азаптуу жашоону…

                                                    Даярдаган: Нурпери ИСАБЕКОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here