Физика боюнча Нобель сыйлыгын быйыл британиялык үч окумуштуу: Дэвид Тулесс, Дункан Халдейн жана Майк Костерлицге ыйгарылды. Алар бул эң абройлуу сыйлыкка топологиянын фазалык өткөөлдөрүн изилдөөгө кошкон салымы үчүн татыктуу болушкан.  

Сыйлыкты ыйгаруу комитетинин чечиминде көргөзүлгөндөй, британиялык илимпоздор «топологиянын фазалык өткөөлдөрүндө жана материянын топологиялык фазаларында» илимий теориялык ачылыштарды жасоо менен материялар ойку-кайкы абалдагы дүйнөнүн эшигин ачышты.

Илимпоздордун ачылыштарын жаңы муундагы электрондук тутумдарда, жогорку өткөргүчтөргө ошондой эле квант компьютерлеринде колдонсо болот. Өз иликтөөлөрүндө лауреаттар геометриялык фигураларды иликтеген математиканын бир бөлүгү — топологияны колдонушкан. Физика боюнча Нобел сыйлыгы  быйылкысын эсепке алганда 108-жолу берилип жатат. Биринчи лауреаттар 1901-жылы жарыяланган. Былтыр Нобел сыйлыгы нейтрино салмакка ээ экенин далилдеп чыккан жапониялык жана канадалык окумуштууларга берилген. Сыйлык ээлеринин бири Дункан Холдейндин айтымында, бул көп жыл мурда эле жасалган ачылыш болгону менен жакында гана колдонула баштады. Анын кесиптештери Костерлиц жана Таулес материянын жалпак формасында, анын үстүндө же абдан ичке эки мерчемдүү катмарлардын ортосунда пайда болуучу феномендерге басым жасашкан. Бул нерсе бизге көнүмүш болуп калган үч мерчемдүү (узуну, бийиктиги, туурасы бар) мейкиндиктен кыйла айырмаланат. Окумуштуулар 930 миң доллардай акчалай сыйлыкты үчкө бөлүп алышат.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here