Социалдык тармактарда Москва шаарында иштеген кыргыз жигити алдыдагы келе жаткан шайлоодо добуш сатпоону өтүнүп көзүнө жаш алган видео тарады.

«2006-жылдан бери мигрант болуп жүрөм. Мигрант болуп жүрүп аялымдан, үчүнчү баламдан ажырадым. Биз дагы өз жерибизде иштегибиз келет. Шайлоодо алган акчаңар эч нерсени чечпейт. Суранам сиздерден добушуңуздарды сатпаңыздарчы. Ар кимибиз өзүбүздү тыйып, жүрөгүбүздөн чыкканды шайлайлы. Суранам сиздерден», — деп көзүнө жаш алган кыргыз жигити.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here