Кызыл-Кыя шаарында 36 жаштагы адамды сабап, көчөгө таштап кетишкен. Ал ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин жардамына карабай, ал каза болуп калган. Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2020-жылдын 3-сентябрында Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 35-40 жаштагы эркек киши көптөгөн жаракаттар менен түшкөн.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун өздүгү аныкталып, ал Таш-Дөбөнүн тургуну, 36 жаштагы Өзбекстандын жараны болуп чыкты.

Ал 3-сентябрда башы жарылган, мас абалда табылгандыгы аныкталды. Жолдон өтүп бара жаткандар аны ооруканага жеткиришкен, бирок ал эртеси күнү алган жаракатынан улам көз жумган. Бул кылмышка шектүү катары тинтүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 30 жаштагы М.Н. кармалган Ал өз үйүндө жашынып жүргөн.

иллюстрация

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here