Натыйжасыз президенттик системасы Кыргызстандын экономикасы чоң ийгиликтерге жетишпегендигинин себеби болду. Бул көрүнүш эгемендүүлүккө ээ болгондон бери уланып келе жатат. Бул тууралуу «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев «Алдыга жол» программасын сунуштаган учурда айтты.

Анын айтымында, кыргыз экономикасын туруктуу абалга келтирип, мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кардиналдуу реформаларды ишке киргизүү зарыл. Ага партиянын акылы да, жөндөмөсү да жетиштүү!

«Биздин өнүгүүбүзгө ким тосколдук кылат? Коррупцияга аралашкан чиновниктер. Кыргызстанда мыйзамдар иштебеген үчүн жумуш орундар жок. Эки революциянын себеби – эки эски президент болду. Президенттик система эч нерсеге жардам берген жок. сот адилетсиз чечимдерди кабыл алат, парламентке ишеним жок. Өкмөт мамлекетти башкарганды билбейт», — деп партиянын лидери кыжырланды.

Жеенчороев белгилеп кеткендей, президенттик бийлик 30 жылдын ичинде экономикалык, саясий кризисине күнөө болуп келди, ошондуктан «Республика» партиясы бул институтту жокко чыгарууну талап кылууда. Белигелеп кетсек, «Республика» укук коргоо органдарын да реформалоого даяр. УКМКнын ордуна Улуттук чалгындоо бюросун түзүүнү, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалындай прокуратуранын функцияларын Юстиция министрлигине өткөрүүнү, Грузиянын полициясынын системасын колдонуусун туура деп көрүшөт.

«Республика» партиясы парламенттин сапатын жогорулатып,  жоопкерликтүү өкмөттү түзөбүз. Биз Кыргызстанда кардиналдуу реформаларды өткөрүүгө даярбыз. Аларды ишке ашырууга биздин гана күчүбүз жетет», — деп Жеенчороев жыйынтыктады.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here