Ош шаарында ноокаттык тургунду «тапанча менен атып салам» деп коркутуп, 150 миң сомун карактап кетүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрь күнү саат 06:55 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну С.С. арыз менен кайрылган. Ал 8-сентябрь күнү саат 2:00 чамасында Ош шаарындагы «Арабика» кафесинин жанында белгисиз адам «Дэу Лачетти» үлгүсүндөгү унаасына «сенде сөз бар» деп салып алып, колу менен уруп, «менин тапанчам бар, атып салам» деп коркутуп, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы ээн талаага алып барганын айткан. Башына кара түстөгү пакет кийгизип, «тапанча менен атып, жерге көмүп салам» деп ур-тепкиге алып, пакет кийгизген учурда кийип жүргөн шымымын чөнтөгүнөн 150 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБде Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1986-жылы туулган тургуну А.К. (мурда соттолгон) Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери улантылып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here