Түркияда көп кабаттуу үйдүн 15-кабатынан түшкөн айнек Стамбул шаарынын 42 жаштагы тургуну Сонер Элверендин башын кесип кетти. Бул тууралуу Түркиянын DHA маалымат агенттиги жазып, маркумдун жашоосунун акыркы секундаларынын видеосун жарыялады.

Сонер Элверен үй-бүлөсү үчүн (өзү, жубайы жана баласына) Енибосна районундагы престиждүү турак жай комплексинен ижарага жаңы батир алууну чечкен. Ошондуктан риелтор менен (кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу жана ижарага берүү менен алектенген адам) жолугушууга барган.

Көп кабаттуу үйдүн кире беришинде Сонердин башына белгисиз себептер менен 15-кабаттан чоң айнек түшүп кеткен. Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери чакырылган, бирок алар маркумдун өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Сонердин жанындагы риелтор айым жабыркаган эмес. Бирок моралдык жактан катуу соккуга кабылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here