Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү Азамат Нуржанов Москва шаарында (Россия) тамаша торго түштү. Ал жаш баланы уурдоо аракетин токтотуп калды.

Орусиялык белгилүү блогер Михаил Литвин сценарий боюнча, көчөдө өтүп бараткан жарандардан кичинекей баланы убактылуу карап туруусун өтүнөт. Ал аңгыча чоң кара түстөгү жол тандабас менен адамдар келип жаш баланы уурдоого аракет кылат. Кыргызстандык Азамат Нуржанов спорттук көндүмдөрүн колдонуп, жаш баланы куткарып калат.

Учурда бул видео орусиялык интернет айдыңында эң көп талкууланууда.

Азамат Нуржанов 2019-жылы Кыргызстандын жеңил атлетчилер курама командасында машыккан. Учурда Орусияда иштейт.

https://www.youtube.com/watch?v=BuvP9qquY00

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here