Францияда аттар массалык түрдө мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта асыл тукумдуу аттарга кол салуу 2020-жылдын февраль айында башталганы айтылат.

«Акыркы аптада эле атканаларда 30дан ашуун жылкы өлтүрүлгөн. Жаныбарлардын кулактары жана жыныстык мүчөлөрү кесилип, көздөрү чукулган. Ат ээлери сүйүктүү жаныбарларынын кыйноо менен өлтүрүлгөнүн көрүп, жүрөктөрү ооруп жатканын жашырышкан эмес. Бул окуя бүткүл Францияны дүрбөлөңгө салды.

Жылкы кармагандар күнү-түнү кезекте туруп калышты. Август айынын соңунда Франциянын түштүк аймагында жайгашкан атканалардын биринде аттарга кезектеги кол салуу орун алган. Анда кылмышкерди көрүп калган аттын ээси ага каршылык көрсөтөм деп жатып өзү дагы жаракат алган. Ошентсе да ат ээси жаныбарларын сактап калган. Ал эми шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Ат ээсинин айтуусу менен түзүлгөн фотороботтун жардамы аркылуу жылкыларды өлтүрүүгө шектүү адам кармалган. Бирок тергөөчүлөр бул ишти бир адам эмес, бүтүндөй топ жасап жатканын айтышкан.

Айрым эксперттер аттарды массалык түрдө жана мыкаачылык менен өлтүрүүнү сыйкырчылык ырым-жырымдар менен байланыштырышкан. Мындан улам аттарга кол салып жаткандар кандайдыр бир сектанын мүчөлөрү болушу мүмкүн деген божомолдор пайда болгон», — деп жазылат маалыматта.


super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here