Нарында сууга чөгүп кеткен жети жаштагы баланын дайыны табылбай жатканына бир ай болду. Бул тууралуу 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 7-августта Кочкор районунда болгон. Теңдик айылында Чу дарыясына жети жаштагы бала чөгүп кеткен.

Ал эми Чүйдө куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы кызды таба албай жатышат. ӨКМ кабарлагандай, кырсык Аламүдүн районунда 15-августта катталган. Ал «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Бүгүн 7-сентябрда издөө иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here