Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулууда. Ушу тапта сотто партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызы каралганы жатат.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here